Кыргызстандын ичиндеги "Береке" акча которуулары

"Береке" акча которууларынын тутуму  - Банк өзү иштеп чыккан продукт болуп саналат. 

“Береке” тутумун пайдалануучуларга Капитал Банктын, Евразиялык Сактык Банктын, Дос-Кредобанктын,Кыргыз-Швейцариялык Банктын, Кыргызкоммерцбанктын, «Чанг Ан» Инвестициялык Банк ААКтын, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын,  Азия Банктын,  "ЭкоИсламикБанктын", "Салым Финанс" ААК МФКсынын, АМАНБАНКтын,«ФинансКредитБанк» ААКтын, Айыл Банктын бөлүмдөрү аркылуу Кыргызстан боюнча  акча которууларды тез жөнөтүүгө жана алууга мүмкүндүк берет. 

"БЕРЕКЕ" акча которуу тутумунун өзгөчөлүктөрү:

  • Акча которуу банктык эсеп ачпай эле жүргүзүлөт.
  • Кайда жана кайдан жөнөтүлгөнүнө карабастан, 5 мүнөттүн ичинде акча которууну алуу.
  • Комиссияны акча которууну жөнөтүүчү гана төлөйт.
  • Которуу кайсы бөлүмүнө жөнөтүлгөнүнө карабастан, Капитал Банктын, Евразиялык Сактык Банктын, Дос-Кредобанктын,Кыргыз-Швейцариялык Банктын, Кыргызкоммерцбанктын, «Чанг Ан» Инвестициялык Банк ААКтын, «Халык Банк Кыргызстан» ААКтын,  "ЭкоИсламикБанктын", Азия Банктын, АМАНБАНКтын, «ФинансКредитБанк» ААКтын, "Салым Финанс" ААК МФКсынын, Айыл Банктын каалаган бөлүмүндө алуу мүмкүнчүлүгү бар.
  • Которуулар улуттук, ошондой эле чет өлкө валютасында жүргүзүлөт.
  • Бир кардар үчүн бир айдын ичиндеги жалпы акча которууларынын өлчөмү 2 000 000 KGS же башка валюталардагы эквивалентти түзөт (EURO, USD, RUB, KZT)
Которуунун валютасы Которуунун суммасы Тариф
Кыргыз сому

30 000 чейин KGS

30 001 ден 50 000 KGS

50 001 KGS ден жогору 

40 KGS

50 KGS

суммадан 0,1% 

Орус рубли

30 000 чейин RUB

30 001 RUB ден жогору  

30 RUB

суммадан 0,1%

АКШ доллары

Евро

500 чейин USD/EUR

501 USD/EUR ден жогору

0,5 USD/EUR

суммадан 0,1%

Теңге

100 000 чейин KZT

100 001 KZT ден жогору 

100 KZT

суммадан 0,1%

Акча которууларды алуунун айрым түйүндөрүндө алуучудан кошумча төлөм алынышы мүмкүн. Алуучудан кошумча комиссиянын суммасы которууну кабыл алуу/жөнөтүү учурунда көрсөтүлүшү керек.

«Береке» акча которууларынын тутумун пайдаланган кардарлар төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:

  • Которуунун коду – бул конфиденциалдуу маалымат, аны жөнөтүүчү алуучунун өзүнө гана өткөрүп берет.
  • Алынбаган которуу, алынган учурунан баштап 60 күндүн ичинде “Береке” тутумунда сакталышы мүмкүн.
  • Которууну, кимдин атына жөнөтүлсө ошол жаран гана, же паспортту жана нотариустан таризделген ишеним катты көрсөтүү менен анын ишенимдүү адамы гана алышы мүмкүн.

Которууну жөнөтүү үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Банктын операционисти толтурган “Которууга арыз” бланкына, алуучунун Фамилиясын, аты-жөнүн көрсөтүү менен, кол тамгасын коюу;
  • Кассага которуунун суммасын киргизүү жана комиссияны төлөп берүү;
  • Оператордон которуунун кодун алуу;
  • Алуучуга которуунун кодун жана суммасын билдирүү.

Которууну алуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Банктын операционистине паспортту көрсөтүү жана которуунун кодун билдирүү.
  • “Которууну алууга арыз” бланкына кол коюу жана которууну алуу.

Которууну кайтаруу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Которууну жөнөтүү пунктуна өтүп, Банк операторунун паспортун көрсөтүп, которуу коду жөнүндө кабарлаңыз.
  • Кайтарып берүүнүн себебин көрсөтүү менен "Төлөмдү кайтаруу жөнүндө арызга" кол коюп, сумманы кассадан алыңыз.
  • Эгерде, которуу аны төлөгөнгө чейин бир жумушчу күндүн ичинде (которуу жөнөтүлгөн күнү) кайтарылса, төлөнгөн комиссиянын суммасы толугу менен кайтарылып берилет. Эгерде, которуу аны төлөгөнгө чейин бир жумушчу күндөн ашык кайтарылса, төлөнгөн комиссиянын суммасы кайтарылбайт.

*Акча жөнөтүүчүнүн атынан бир айдын ичинде жалпы акча которуулардын максималдуу суммасы 2 000 000 KGS же башка валюталар барабарынан (EUR, USD, RUB, KZT) түзөт.

Жөнөтүүчүнүн жалпы которууларынын суммасы 2 000 000 сомдон ашкан учурда - «Береке» системасы жөнөтүүчүнүн бир айдын ичиндеги кийинки акча которууларын чектейт жана акча которуу мүмкүнчүлүгүн бөгөт кылат.

Банктык эсепке которуу - Тарифтер

Которуунун валютасы

Которуунун суммасы

Тариф*

Кыргыз сому

0,1 ден 10 000 KGS 30 KGS
10 001 ден 30 000 KGS 40 KGS
30 001 ден 50 000 KGS 50 KGS
50 001 KGS ден жогору суммадан 0,1% 

Орус рубли

50 001 KGS ден жогору 30 RUB
30 001 RUB суммадан 0,1% 
АКШ доллары 500 USD чейин 0,5 USD
501 USD ден жогору суммадан 0,1% 
Евро 500 EURO чейин 0,5 EURO
501 ден EURO суммадан 0,1%
Теңге 100 000 KZT чейин 100 KZT
100 001 ден KZT суммадан 0,1% 

* Бир акча которуунун максималдуу суммасы 900 000 сомду түзөт же башка валютадагы эквиваленти: EUR, USD, RUB, KZT.

"Элкартка" которуу - Тарифы

Валюта Которуунун сумма   Тариф
Кыргыз сому

5 001 ден 10 000 KGS чейин

40 KGS
10 001 сом ден жогору суммадан 0,35%