Айыл Банк менен Мамлекеттик Ипотека Компаниясы биринчи ипотекалык насыяны тапшырышты

30.03.2016

“Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программанын максаты, өлкөнүн бардык аймактарында керектүү көлөмдөрдө турак жайларды куруу боюнча чараларды ишке ашыруу аркылуу, Кыргыз Республикасында турак жайга жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү; турак жайды сатып алуу боюнча жеткиликтүү ипотекалык механизмдер менен камсыздоо; өлкөнүн банк тутумун, кайра каржылоо механизми менен, жеткиликтүү ипотекалык насыялоо программаларына тартуу саналат.

Ипотекалык насыялар 15 жылга чейинки төлөө мөөнөтү менен, карыз алуучунун алгачкы төгүмүнүн өлчөмүнө жараша 12%дан 14%га чейинки пайыздык чен менен, Айыл Банк аркылуу карыз алуучуларга берилип баштады. Ушул ипотекалык насыяны бюджеттик уюмдарда иштеген, 21 жаштан 65 жашка чейинки КРдин жарандары алса болот. Күрөө предмети болуп, сөзсүз түрдө камсыздандырууга тийиш болгон, сатып алынган кыймылсыз мүлк саналат.

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын шарттарына ылайык, сатып алынган кыймылсыз мүлккө төмөнкү талаптар коюлат: жашоого жарай турган, жер участогу менен квартира же турак үй, көп квартиралуу үйлөрдө квартиранын жалпы аянты 70 чарчы метрден ашпашы керек, ал эми турак үйдүн жалпы аянты 150 чарчы метрден ашык болбошу керек.

Ипотекалык насыялоого табыштамалардын кабыл алуусу жана кароосу улантылууда. Кызыккан жарандар жергиликтүү мамлекеттик акимдиктерге кайрылса болот. Мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери иштеген жери боюнча арызды жана документтерди берсе болот.

Ипотекалык насыялоо боюнча мындан толук маалыматты Айыл Банктын бөлүмдөрүндө, төмөнкү сайтта: http://www.ab.kg Насыялар/Социалдык насыя продуктулары/“Мам-Ипотека” бөлумундө же төмөнкү телефон боюнча: (312) 68-00-00, алса болот.

← Тизме боюнча артка