«Айыл Банк» ААКсы 2019-жылдын 31-декабрына чейин «Депозит+1» акциясын өткөрөт

02.12.2019

Акча топтоп- аны сактоого үйрөнүү – ар бир жарандын жакшы жошоосунун өзөгүн, пайдубалын түптөйт. Жыйым топтоо – бул, бир жагынан күтүүсүз келип чыккан жагдайдан чыгуу ыкмасынан болсо, экинчи жагынан туруктуу пассивдүү киреше булагынан болуп саналат.

Топтогон каражатты үйдө сактоо мурдатан канга сиңип, калыптанып келген, адатка айланган көндүмдөн. Ар ким ойлоп табуучулук дареметине жараша топтогон жыйымын төшөк арасына катып, сандыкка же идишке салып же сейфке сактап келген. Албетте, каалаган учурда катып койгон жериңден керектүү суммадагы акчаны алып, пайдаланууга бул оңтойлуу болгону менен төмөндө келтирилгендей көкөй кести көйгөйлөр менен да коштолушу ыктымал:

- каткан акчаңдын көбөйбөстөн, кыймылсыз жата бериши;

- колуңда акча болсо, ал көбүрөө коромжу болот.

- уурдалып кетиши да ыктымал.

Ушул жагдайларды эске алуу менен «Айыл Банк» калктын бардык катмарын канаттандыра алган депозиттик продукттарды эл кызматына сунуштап келет.

Алардын катарын толуктоо ниетинде банк 31-декабрга чейин «Депозит+1» акциясын өткөрүп, кардарларга 3 жылга чейинки аралыкка депозит ачууга мүмкүнчүлүк түзүүдө:

"Кенч" мөөнөттүү депозити – бул, толуктоого же бөлүп алууга мүмкүн болбогон, жогорулатылган пайыздык чен алдында, белгилүү бир мөөнөткө банкка салып коюуга боло турган бош акча каражатына ээ болгон кардарлар үчүн каралган. Жетиштүү кирешеси барлар же жакында эле кыймылдуу же кыймылсыз мүлкүн сатып, түшкөн акчасын көбөйөтүп алууга кызыкдар болгондор банк сунуштаган мына ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кепилденген туруктуу киреше алууга үлгүрүп калууга тийиш. 

"Кенч" мөөнөттүү депозити

Депозиттин түрү 

Мөөнөттүү

Депозиттин минималддуу суммасы

1000 KGS; 20 USD

Кошумча салымдар жана алар боюнча чектөөлөр 

жок

Пайыздарды төлөө аралыгы

Ай сайын

Пайыздарды капиталдаштыруу

-

Депозиттен бөлүп алуу

-

Келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган шартта пайыздардын төлөнүшү

“Талап боюнча төлөнүүүчү” депозиттин чени боюнча

Өзгөчөлүгү

-

Валютасы

3 айга

6 айга

9 айга

12 айга

18 айга

24 айга

36 айга

KGS

2%

5%

7% +1*

8% +1*

10%

11%

12%

USD

- - -

3%

3,5%

4%

5%

«Керемет» топтолмо депозити – ар бир жолу тиешелүү өлчөмдө сумманы сактап коюп, жыйым топтоого артыкчылык берген жарандар үчүн каралган. Алар көбүнчө студенттер, жогорку окуу жайын жаңы эле аяктагандар, үйлөнгөн жаштар болушу мүмкүн. 

Депозиттин түрү 

Топтолмо

Депозиттин минималддуу суммасы

1000 KGS; 20 USD; 1000 RUB;

Кошумча салымдар жана алар боюнча чектөөлөр

- келишим колдонулган мөөнөт ичинде 10 млн. сомдон, 200 миң АКШ долларынан, 10 млн. рублден ашпоого тийиш.

- Кошумча салымдарды кабыл алуу депозит келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейинки 30 күн мурда токтотулат. 

Пайыздарды төлөө аралыгы

Ай сайын

Пайыздарды капиталдаштыруу

Кардардын өтүнүчү боюнча

Депозиттен бөлүп алуу

-

Келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган шартта пайыздардын төлөнүшү

“Талап боюнча төлөнүүүчү” депозиттин чени боюнча, ал эми мурда төлөнгөн пайыздар аманаттын негизги суммасынан кармалып калат.

Валютасы

3 айга

6 айга

9 айга

12 айга

18 айга

24 айга

KGS

-

3%

5% +1*

6% +1*

8% +1*

9% +1*

USD

- - -

3%

3,5%

4%

RUB

3%

4%

-

5%

- -

Пенсионерлер үчүн «Ардагер» депозити – эр адамдардын пенсия курагы 63 жаштан, ал эми аялзатыныкы 58 жаштан жогору. Ушул куракка келгендер адатта күндөлүк керектөөлөрүн, айталык тамаш азыктарын, дары-дармектерди сатып алуу, неберелерине белек кылуу үчүн топтогон каражатынан ай сайын пайыздарды алып туруу максатын көздөшөт.  

Депозиттин багыты

Пенсия курагына жеткен кардарлар үчүн каралган, пайыздары ай сайын төлөнүп туруучу атайын аманат 

Депозиттин түрү 

Топтолмо

Депозиттин минималддуу суммасы

1000 KGS; 20 USD

Кошумча салымдар жана алар боюнча чектөөлөр

- келишим колдонулган мөөнөт ичинде 10 млн. сомдон, 200 миң АКШ долларынан, 10 млн. рублден ашпоого тийиш..

- Кошумча салымдарды кабыл алуу депозит келишиминин мөөнөтү аяктаганга чейинки 30 күн мурда токтотулат.

Пайыздарды төлөө аралыгы

Ай сайын

Келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулган шартта пайыздардын төлөнүшү

1) белгиленген мөөнөттүн 1/2 өткөн болсо, сыйакынын 50% төлөнөт
2) белгиленген мөөнөттүн 1/2 өткөнгө чейин алынган болсо, талап боюнча төлөнүүчү аманаттын (депозит) %дык чени боюнча төлөнөт.

Өзгөчөлүгү

Аманат пенсиялык күбөлүктүн негизинде ачылат

Келишимди пролонгациялоо (узартуу)

Өтүнүчтүн негизинде

 Валютасы

3 айга

6 айга

9 айга

12 айга

18 айга

24 айга

KGS

   

6% +1*

7% +1*

8% +1*

9% +1*

USD

     

3%

3,5%

4%

Айыл Банк эл камын ойлоп, жакындан жардам сунуштоо ниетин көздөйт!  

← Тизме боюнча артка