Айыл Банк, Кыргызстандагы банктардын арасынан биринчи болуп, Москва биржасынын валюталык базарында бүтүмдөрдү жүргүзүп баштады.

13.04.2016

Эми Кыргызстандын жарандарында чет өлкө валютасын сатып алуу же сатуу боюнча операцияларды Москва биржасында жүргүзүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Айыл Банктын биржага кирүүсү, Банкыбыздын кардарларына тапшырмаларын россия валюталык базарынын соода тутумуна түз берүү мүмкүнчүлүгүн жаратты. Ушул тапшырмалардын негизинде, Айыл Банк өзүнүн атынан, бирок кардарлардын эсебинен жана алардын кызыкчылыгын көздөп, табыштамаларды жана бүтүмдөрдү түзөт.  Ушул технологиялар биржалык базардын, анын ичинде Евразиялык экономикалык союзунун (ЕАЭС) өлкөлөрүнөн резидент эмес-кардарларынын саны өскөндүн эсебинен, кардардык базанын кеңейтүүсүнө багытталган, ал ЕАЭСтин интерграцияланган валюталык базарынын өнүгүүсүнө көмөктөшөт. 

“Москва биржанын” валюталык базары валютаны сатып алуу жана сатуу үчүн ыңгайлуу аянт болуп саналат. Ошону менен бирге ортомчулардын жоктугу бүтүмдөрдү арзаныраак комиссия менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Рубль валютасы менен чоң суммаларга операцияларды жүргүзүүгө зарылчылыгы бар болгондорго, валютаны биржадан сатып алуу эң пайдалуу. Банктын ар бир кардары банктык эсепке интернет аркылуу рубльди  сатып алса, сатса жана сыртка чыгарса болот  -  өзүнүн жеке катышуусу банк менен келишимди түзүп жатканда гана керек.

Россиялык рубль менен иштеген же кандайдыр бир транзакцияларды россиялык рубль менен жүргүзгөн бизнесмендерге Айыл Банк эң пайдалуу курстарды берүүгө даяр. Кеңештерди  (312) 29-87-38 – телефон боюнча алса болот.

Маалымат үчүн: “Москва биржасы” тобу, акцияларды, облигацияларды, жасалма куралдарды, валютаны, акча базарынын куралдарын жана товарларды сатуу боюнча Россиядагы жалгыз көп функционалдуу биржа аянтын башкарат. Топтун курамына борбордук депозитарий (“Улуттук эсептешүү депозитарий” ЖЧК БНУ), ошондой эле базарларда борбордук контрагенттин милдеттерин аткарган клиринг борбору (“Улуттук Клиринг Борбору” Банкы) кирет, ал Москва биржасына кардарларга соода жана пост-трейдинг кызматтарынын толук көлөмүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Москва Биржасы, сатылып жаткан акциялардын суммардык капиталдаштыруусу боюнча дүйнөнүн алдыңкы фондулук аянттарынын 25-тобуна кирет, ошондой эле облигациялардын жана мөөнөттүү контракттардын сатылган көлөмү боюнча он ири аянттардын ичине кирет. Мындан толук маалымат www.moex.com.

“Айыл Банк” ААК – өлкөбүздүн ири каржы институттарынын бири, ал Кыргызстандын айыл чарба секторун насыялоо боюнча мамлекеттик программаларды ишке ашыргандан тышкары, жеке жана корпоративдик кардарлардын, инвестициялык банктык бизнестин тейлөөсүн, соода каржылоону жана активдер менен башкарууну камтыган, сапаттуу банк кызматтарынын толук тизмесин дагы көрсөтөт.

Мындан толук маалыматты төмөнкү сайтта: www.ab.kg же  (312) 29-87-38 - телефон боюнча алса болот.

← Тизме боюнча артка