«Айыл - Агро» 2016, IV эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсү.

14.04.2016

2016-жылдын май айында, Кыргызстандын бардык бурчтарынан келген аграрийлерге Бишкек Эски аянттын эшигин ачат, ал эми тарых музейи, АЙЫЛ-АГРО эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсүндө дүйнөлүк айыл чарба машина куруучулардын  жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн абдан өзгөрөт.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жаратылган жана “Айыл Банк” ААК менен “Росагромаш” Россиялык айыл чарба техника өндүрүүчүлөрүнүн  ассоциациясынын стратегиялык шериктештигинде ишке ашырылууда.  Бул көргөзмө айыл чарбаны өнүктүрүүдө көптөгөн мамлекеттик түзүмдөрүнүн күч-аракеттерин бириктирет.

Үстүбүздөгү жылы АЙЫЛ-АГРО көргөзмөсү, айыл чарбанын механизациялоосуна мамлекеттин мамилеси абдан  өзгөргөн шартында өтөт.
Кыргызстандын экономикасынын негизги багыты  болуп саналган Агрардык сектор, негизги процесстерди механизациялоо, автоматизациялоо жана технологиязациялоо үчүн тартыштыгынын натыйжасында, жетишсиз өлчөмдө өнүгүүдө. Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү машина-трактордук станциялардын тармагын түзүү жөнүндө чечим кабыл алды, ал ушул көйгөйдү чечүү үчүн ишенимдүү ыкма. Өлкөнүн ар бир районунда агротехникалык тейлөө жана айыл чарба техникасын колдоо борборлорунун ачылышы күтүлүүдө.

Ушул максатта Айыл Банкка 300 техниканын берилиши пландаштырылды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пикири боюнча айыл чарбанын механизациялоосу, ушул тармактын өнүгүүсүнө алып келет. 
2016-жылы өткөрүлө турган көлөмдүү экспозициянын аркасы менен, АЙЫЛ-АГРО көргөзмөсү, айыл чарбаны колдоого көмөктөшкөн, керектүү жана алмаштыргыс курал болот. Көргөзмөнүн аянты 8 000 чарчы метрди түзөт, анда, айыл чарба техниканын жана шаймандардын жаңы үлгүлөрдөн тышкары, талаада иштеп ишенимдүүлүгүн көрсөткөн машиналар сунушталат.
АЙЫЛ-АГРО көргөзмөсү, Кыргызстандын өнүгүүсүнө жана өлкөнүн айыл чарбасынын негизги маселелерин чечүүсүнө көмөктөшкөн, агрардык тармагында олутту жана көптөн бери күтүлгөн окуя.

Сиздерди күтүп жатабыз!

Толук маалымат:

+996554701902
+996700701902

← Тизме боюнча артка