«Айыл Банк» ААКсынын кардарлары үчүн маанилүү билдирүү

25.04.2020

Урматтуу кардарлар, учурда орун алып турган кооптуу жагдайларга байланыштуу Банктын кеңселерине келүүгө чектөөлөр белгиленгендигин маалымдайбыз.

Кардарлар сыяктуу эле, өз кызматкерлеринин ден-соолугу жана өмүрү үчүн кам көрүү максатында Банк талап кылынган бардык тииешелүү чараларды  көрүүдө. Филиалдардын кеңселери толук дезинфекцияланып жатат. Күзөт кызматкерлери кардарларды колдорун дезинфекциялагандан кийин гана чектелүү санда кеңселерге кирүүгө уруксат берип, иш тартибин  катуу көзөмөлдүккө алууда.

Бардык коргонуу чараларын колдонуп, үйдөн чыкпастан, зарыл болгон учурда гана банк кеңселерине келүүнү сунуштайбыз жана белгиленген талаптарды, анын ичинде  банкоматтардан нак акча  чыгарып алууда чектөө аралыгын так сактоону Сиздерден өтүнөбүз.
Кеңселерде тейлөө мүмкүнчүлүгү жөнгө салынгандыгына карабастан, Банкка келбестен эле, аралыктан тейлөө боюнча каралган бардык шарттардан пайдалансаңыздар болот. Банктын бардык филиалдары менен байланыштыруучу телефон номерлерин https://ab.kg/affiliates шилемесинен таба аласыздар.

Кредит мөөнөтүн узартуу маселеси боюнча карыз алуучулар үчүн каралган маалыматты https://ab.kg/news/1141 шилтемесинен алууга болот.

Учурда иштеп жаткан тейлөө түйүндөрүнүн тизмеси менен https://ab.kg/news/1137 шилтемесинен тааныша аласыздар.

Банктын колл-борбору: (0312) 68-00-00, (556) 68-00-00, +996 (770) 551 100 (WhatsApp) телефон номерлери аркылуу кеп-кеңештерди бере алат.

Банктын https://ab.kg/ дареги боюнча сайтынан банк продукттары, сунушталып жаткан кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү толук маалыматтар менен таанышуу,  төлөм карттарын алууга, pos-терминалдарды жана кредит алууга билдирмелерди он-лайн шартында берүү мүмкүнчүлүгү да жөнгө салынган.


Банктын иш ыргагынын же айрым операцияларды ишке ашыруу тартибинин өзгөргөндүгү тууралуу сайт аркылуу дароо маалымдала тургандыгын билдиребиз.

← Тизме боюнча артка