"Айыл Банк" ААКсы Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди Жеңиш майрамы менен куттукташты

14.05.2020

«Айыл Банк» ААКсынын жамааты жыл сайын Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди Жеңиш майрамы менен куттукташат. Быйылкы жылы дагы жылдан жылга уланган жакшы салтыбызды уланттык.

Кызматкерлер үймө-үй кыдырышып, белектерди чың жүрөктөн тартуулап, Улуу Жеңиштин 75-жылдыгы менен куттуктап чыгышты.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, тынчылык каалап батасын беришти.

Тилекке каршы, азыркы күндө арабызда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан саналуу гана улуу муундун өкүлдөрү калды.

Кийинки муундардын бирден бир парзы - аталарыбыздын эрдигин унутпастан, сый-урмат көрсөтүп жана баалап-барктап алуу.

Биздин ардагерлерибизге баш ийип, чын жүрөктөн таазим этебиз!

 

← Тизме боюнча артка