Мамлекеттик тил – Айыл Банкынын саясатында

23.09.2020

Кыргыз тили мамлекеттик тил статусуна ээ болгон 1989-жылдын 23-сентябры өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келет. Отуз жылдан ашуун убакытты камтыган ушул мезгил ичинде эне тилибиз бардык иш багытында жана күндөлүк турмушубузда өзүнүн татыктуу ордун ээлеп, тарыхый вазийпасын аткаруусу үчүн тар жол –тайгак кечүүдөн өтүп, кыйла тоскоолдуктарды башынан кечирип, көкөй кескен көйгөйлөргө туш болду. Албетте, бул олуттуу иште орошон ийгиликтерге жетише албасак да, улут тили унутта калбай, өнүгүп-өркүндөшү үчүн арбын иштер аткарылды деп айтууга болот. Эң башкысы, мамлекеттик тилдин максатына жетиши үчүн жапа тырмак аракеттер көрүлүп, ар бир инсандын кызыгуусу, муктаждыгы артып, ага жоопкерчиликтүү мамиле жасоосу шарт экендигин турмуш чындыгы айгинелөөдө.

Банк системасында көп жылдан бери кызмат өтөгөн, айрыкча мына ушул тил саясатынын талаптарын банк чөйрөсүндө ишке ашырууга түдөн-түз катышкан инсан катары “Айыл Банк” ачык акционердик коомунда бүгүнкү күндө бул багытта аткарылып жактан иштер, жетишкен ийгиликтер менен катар эле, орун алып жаткан калпыстыктар тууралуу сөз кылып, алдыга койгон иш максаттар менен бөлүшүп кетүүнү туура көрдүм. Калайык-калкка, айрыкча мал багып, өсүмдүк өстүрүп тиричилик кылган, банктык кызмат көрсөтүүлөрдөн толук пайдалана албай кыйналып келген элет жеринин жашоочуларына жакындан жардам берип, колдоо көрсөтүп, алардын каражатка болгон муктаждыгын чечүү менен өлкөнүн агрардык саясатын ишке ашырууга зор салымын кошкон, кредиттерди сунуштоо, акча которуу, төлөм төлөө, банк инфраструктурасынан пайдалануу жагында кеңири түшүндүрмө берүү аркылуу айыл калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жетишип жаткан Айыл Банкы тил саясатынын талаптарын да көз жаздымда калтырбай, мамлекеттик тилдин банк ишинде толук кандуу колдонулушу жагында бир катар иштерди бүткөргөндүгүн белгилеп кетүүгө болот. Буга чейин документтерди, материалдарды которуп берүү менен гана чектелип келген болсо, жаңы уюштуруу түзүмүнүн бекитилишине (2020-жылдын 20-январында) байланыштуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү жагында иш багытына Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторун түзүү аркылуу дем берилип, жаңы милдеттер аныкталган.

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам жоболорун, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын талабын аткаруу, ошондой эле банк ишинде мамлекеттик тилдин толук кандуу колдонулушун камсыз кылуу максатында Банк Башкармасынын 2019-жылдын 9-июлундагы №35/3 токтому менен ушул багытта 2019-2020-жылдары аткарылууга тийиш болгон иш планы кабыл алынган.

Бекитилген планга ылайык учурда банктын иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү ишин жөнгө салынып, банк кызматкерлеринин компьютерлерине кыргыз тамгалары жана жалпы кабыл алынган атайы программа (Times New Roman), мамлекеттик тилге которулган же жазылган тексттерди редакциялоо, пунктуациялык каталарды текшерүү боюнча программалык камсыздоолор орнотулган. Иш кагаздарын жүргүзүүдө колдонулган документ үлгүлөрү (бланктардын бардык түрү, анын ичинде мөөрлөр, штамптар) кыргыз адабий тилинин нормаларына ылайыкташтырып стандартташтыруу аркылуу мамлекеттик тилде даярдалып, колдонулууда.

Банктын уюштуруу түзүмү (башкы кеңсенин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, филиалдардын, аймактык өкүлчүлүктөрдүн, аманат кассаларынын жана көчмө кассалардын аталыштары, жайгашкан жеринин дареги, бардык деңгээлде кызмат орундарынын аталышы) мамлекеттик тилге которулуп, бул токтом, буйрук, буйруулар, келген каттарга жооптор долбоорун мамлекеттик тилде даярдоо ишин жеңилдетип, алардын бардык жерде бирдей, так колдонулушуна өбөлгө түзүүдө. Иш номенклатурасы талапка ылайык толук кыргызчалатылган, бул албетте, түзүмдүк бөлүмдөрдүн иш кагаздарын жүргүзүү жана көктөмөлөрдүн мамлекеттик тилде талаптагыдай түзүлүшү үчүн өтө маанилүү экендиги иш процессинде тастыкталууда.

Ички ченемдик документтер которулуп, банктын маалымат системасында эки тилде бирдей жайгаштырылып келүүдө, ал эми мурда которулган документтерге Кыргыз Республикасыныннын «Кыргыз Республикасыныннын Улуттук банкы, банктар жана банк иши» жөнүндө мыйзам талабына, бекитилген терминдерге ылайыкташтыруу максатында инвентаризация жүргүзүлүүдө, типтүү кредиттик келишимдер, кредиттик жана лизингдик продукттар боюнча кредиттөө параметрлери толук которулуп, банктын маалымат алуу системасына жайгаштырылган. Банк кызматкерлерине кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы, кыргыз элинин тарыхы, тарыхка из калтырган улуу инсандар, улуттук валютанын колдонууга киргизилиши, анын калыптануу жолу ж.б. олуттуу маселелер боюнча жалпы баяндамаларды камтылган лекциялар уюштурулуп, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, банк ишинде колдонулган бирдейлештирилген терминдерди иш процессинде колдонуу боюнча сунуш-көрсөтмөлөр камтылган семинарларды өткөрүп туруу иши жөнгө салынган.

Документтер долбоорун толук которуп берүү, сыртка жөнөтүлүүчү каттар долбоорун редакциялап, оңдоп берүү жана киргизилген оңдоолорду кийнки каттар жана документ долбоорун даярдоого эске алышын эскертип талап кылуу, бул багытта үзгүлтүксүз кеп-кеңештерди берүү аркылуу түзүмдүк бөлүмдөр, филиалдар, аймактык өкүлчүлүктөр менен кайтарым байланыш түптөлүп, банк кызматкерлерин иш процессинде мамлекеттик тилде окутуу иши улантылып, аткарган милдетине байланыштырып окутуунун бул ыкмасы эң эле алгылыктуу, таасирдүү ыкма экендигин тастыктоодо. Албетте, бул багытта иш жогоруда белгиленгендер менен гана чектелип калбайт жана бекитилген жаңы иш-чараларга ылайык таасирдүү иштер али алдыда. Эң башкысы, өз тилин өгөйлөбөй, уюткулуу элдин улуу дөөлөттөрүн унутпай, эң байыркы, баа жеткис улуу байлык - тилибизди банк кызматкерлери, айрыкча келечек ээлеринен болгон жаштар аздектеп сактап, баалай билүүсү аркылуу банк ишинин мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнө жетишүү башкы максат.

"Айыл Банк" ААКсынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Н. Садыкова

← Тизме боюнча артка