Майрам бизге келет!

02.06.2016

Биз өзүбүз жашыбызга карабастан ушул күнү укмуштардын баарын күтөбүз, ал эми балдар, өзгөчө мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар, дайыма сыйкырдуу нерселерди күтүшөт.  Биздин шаарда ушундай балдар жашаган мекемелер көп, анын бирисине Айыл Банктын кызматкерлери  2-июнь күнү барышты. Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн шаардык реабилитациялык  борбордо бүгүнкү күндө ар кайсы оорулар менен 3 жаштан 18 жашка чейинки  386 бала жашайт. Ушул борбордо жашагандар үчүн Бишкек шаарынын балдар музыкалык жамааттары концерт уюштурушту. Балдар конкурстарга жана суроо-жооп оюндарына активдүү катышып, табышмактарды таап, ырдап бийлешти.

Айыл Банк балдарды майрам менен куттуктап, ар бир балага таттуу белек жасады. Борбордун кызматкерлери имараттын ичин көрсөтүп, балдар кантип жашаганын, дарыланганын жана борбордон тышкаркы кийинки жашоого көңүл кантип бурулганы жөнүндө айтып беришти.  Ушул максаттарда, тамак-ашты даярдоо үчүн меш менен, диск телефондор менен пайдалануу боюнча сабактар өткөрүлөт, ал сабактар аппаратты пайдалануудан тышкары балдардын майда моторикасын өнүктүрөт. Ошондой эле  акчалардын макеттери абдан кызыктуу болду, алар  акчаны наркы гана эмес түсү боюнча айырмалаганга үйрөтөт; жасалма дүкөн, мында балдар продуктыларды кантип сатып алууга болорун үйрөнүштү; жашылчаны туураганга тактайлар - алар мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн атайын иштелип чыккан.

Мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн шаардык реабилитациялык  борбор жарандарыбыздын жардамына дайыма муктаж.  Борборго жардам бере турган адамдар төмөнкү телефон боюнча: 0 (312) 67-93-83, же төмөнкү дарек боюнча кайрылса болот: Бишкек шаары, Великолуокская көч. 29/А.

 

← Тизме боюнча артка