SWIFT системасы боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операциялар кайрадан ишке кирди

13.10.2020

Улуттук банк 2020-жылдын 12-октябрында SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек ара аркылуу өтүүчү операцияларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктары 2020-жылдын 13-октябрында саат 9:00дөн тартып, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын жана алардын кардарларынын пайдасына кирген бардык төлөмдөрдү кабыл ала баштайт.

Чек ара аркылуу өтүүчү чыккан төлөмдөр төмөнкү операциялар боюнча гана жүргүзүлөт:

- товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча мурда түзүлгөн жана банктарга берилген контракттар боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кардарларынын операциялары (юридикалык жактар, жеке ишкерлер, дыйкан жана фермердик чарбалар). Мында төлөмдөрдүн суммасы ошол кардарга мүнөздүү болгон орточо деңгээлден ашпоого, ал эми контракттар/келишимдер кардардын кадимки ишине таандык болууга тийиш;

- контрагенттер менен аягына чыгарылбаган валюталык бүтүмдөр, ликвиддүүлүктү жана/же валюта позициясын, анын ичинде своп-операцияларын тескөө максатында, ошондой эле активдерди алмашууга байланыштуу чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу/сатуу операциялары боюнча;

- эл аралык төлөм системалары боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү операциялары боюнча;

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын резидент эмес банктардагы ностро-эсептерин толуктоо боюнча;

- эл аралык уюмдардан алынган кредиттерди жана алар боюнча чегерилген пайыздарды төлөө операциялары боюнча;

- банкта тейленген банк эмес финансы-кредит уюмдарынан акча которууну ишке ашыруу операциялары боюнча;

- мурда чыгарылган аккредитивдерди жана банктык кепилдиктерди соодалык каржылоо бүтүмдөрү боюнча банктын милдеттенмелерине тиешелүү операциялар боюнча;

- банктардын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл операциялар боюнча;

- эл аралык уюмдардын жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн тапшырмалары боюнча операциялар боюнча;

- жеке адамдардын коммерциялык максаттарга ээ эмес 5 000 АКШ долларына чейинки өлчөмдө же дарыланууну, жашап турууну, окууну жана алиментти төлөө үчүн башка чет өлкө валютасы (жумасына) эквивалентинде акча которуулар боюнча.

 

 

 

← Тизме боюнча артка