Айыл Банк Чехиядан сүттүү уйлардын алынып келишине көмөк көрсөттү

24.06.2021

Ысык-Көл областынын Түп районунун Ысык-Көл айылынын тургуну жеке ишкер Кубанычбек Жумашов май айынын аягында Чехиядан асыл тукум уйларды Айыл Банктын эң эле кеңири колдонулган "ВПС-Лизинг" лизинг продукту аркылуу лизингге алуу ийгилигине ээ болду.

Симментал тукумундагы (Монбелиард)  кызгылтым жана агыш түстөгү бооз уйлар Чехиядан 30 күндүк карантинден кийин, атайын мал ташуу үчүн ыңгайлуулуктар каралган, талаптагыдай жабдылган унаалар менен улам токтоп, эс алдырып, ыңгайы келген жерде тышка чыгарып, жайып олтуруп эки жумада анын чарбасына жеткирилген. Оорчулуктар менен коштолгон мында ушундай жол түйшүгүнө карабастан малдар жергиликтүү шартка бат эле көнүгүп, ыңгайлаша алган. Ошентип, жергиликтүү ишкер алыстан алынып келген уйларынын биринчи төлүн алып, эмгегинин акыбети кайтып, кубанычы койнуна батпай турган кези.

Чет жактан сүттүү уйлардын алынып келинишине чарбакер Кубанычбек Жумашов да талаптагыдай кам көрүп, колундагы мал-жандыгы сыяктуу эле, сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү асыл тукум  мал үчүн тиешелүү шарттар каралган кеңири сарай салдырып, мал бакканга бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзгөн.

Бала кезинен эле атасынын жанында жүрүп,  айыл жеринин түйшүгүн жакшы билген Кубанычбек Жумашов жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин дароо эле фермердик менен алектенүүгө ыктап, өз алдынча чарба түзүп, анын натыйжасында элет жеринин эртеңкиси үчүн кам көрүп, дыйкан-фермердик чарбаларга жакындан кол сунуп, жардамга келген Айыл Банкы менен бир катар жылдардан бери ийгиликтүү иш алып барып келет. Ошентип, 2011-жылы аталган банк аркылуу лизингге 1 YTO-904 тракторун, 2015-жылы «Нива СК-5» комбайнын, кийинчерээк «Газ-53» автоунаасын, «ТУКАН» чөп пресстөөчү жабдууну, ал эми өткөн жылы «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунааны сатып алууга б.а. Айыл Банктын лизинги аркасында Кубанычбек Жумашов  ар тараптуу иш багытын ийгиликтүү илгерилетүүгө өбөлгө түзгөн айыл чарба техникасынын катары толуктоого жетишкен. Ири мүйүздүү бодо малдын санын көбөйтүүдөн тышкары, мал-жандыгынын тоют базасы үчүн көп жылдык чөп, буудай жана арпа сыяктуу дан өсүмдүктөрүн өстүрүү жагына да басым жасоодо.

Сырттан алынып келген, сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү асыл тукум  малдарды жергиликтүү шартта багып, санын көбөйтүү менен эт жана сүт азыктарынын сапатын жогорулатып, жергиликтүү калктын ден-соолугуна камкордук көрүү үчүн сүт азыктарын кайра иштетүүнү жөнгө салуу менен асыл тукум чарбасы статусуна жетишүү анын көздөгөн максаты, изги үмүт-тилеги.

Учурда  алынып келген малдар тиешелүү ветеринардык-техникалык көзөмөлдөн өткөрүлүп, каттоо иштери жүргүзүлүп жаткан чагы. Демек, түйшүгү түмөн фермердик иште олуттуу тобокелдикке барып, билек түрө эмгектенип жактан Кубанычбек Жумашовго ийгиликтерди каалайбыз!

 

← Тизме боюнча артка