"Бул жабдууну алгандан бери суугат иштери илгериледи". Дыйкан менен маек

28.07.2021

Ысык-Ата районунун фермери Каныбек Орозбеков “Айыл Банктан”  - Ocmis R4A жамгырлатып суугаруучу жабдуусун лизингге алды. Эми фермерде аба ырайынын шарттарына карабастан чарбасын үзгүлтүксүз сугарып туруу мүмкүнчүлүгү пайда болду.

"30 гектардан ашык жерге төө буурчак менен жүгөрүнүн түрүн өстүрөм. Бул жылы башка дыйкандардай болуп сууугат суунун тартыштыгынан жапа чекпедим. Себеби, "Айыл Банк" аркылуу суугат сууну үнөмдөөгө шарт түзгөн жабдууну лизингге алдым. Бул жамгырлатып суугаруучу жабдуу аркылуу аз өлчөмдөгү суу менен көп жерди суугарса болот. Мурда 1 гектар жерди суугарууга көп суу талап кылынчу. Бул шайман абдан үнөмдүү болуп чыкты."

Каныбек Орозбеков 10 жылдан ашуун убакыттан бери айыл чарба тармагында эмгектенип келет. Фермер жерди өз убагында сугаруу маанилүү экенин, анткени бул айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнө түздөн-түз таасир эткен негизги факторлордун бири болуп саналарын кошумчалады.

"Ocmis R4A жамгырлатып суугаруучу жабдуусу абдан мобилдүү. Ар бир талаага жылдырып суугарып жүрө беребиз. Сууну арыктан эле насосу аркылуу соруп алат. Эгер фермерлер арасында бул жабдууну колдонууну жайылтсак, суугат сууга болгон таңкыстыкты алдын алалабыз. Ошондой эле топуракта ным жакшы сакталат, өсүмдүк текши өсүп чыгат." 

Айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруунун бардык ыкмаларынын ичинен жамгырлатып суугаруу - өсүмдүктөрдүн тамырларына жана жалбырактарына ным жеткирүүнүн эң табигый жолу катары таанылган. Акыркы жылдары бул жабдуулар жакшы бааланып, бүткүл дүйнөгө жайылууда. Алар кичине жана чоң талааларда бирдей иштей алышат. Жасалгасы жөнөкөй жана өсүмдүктөрдү тегиз сугарат.

Каныбек Орозбеков сөзүнүн аягында буларга токтолду:

"Айыл Банктын" кызматкерлерине ыраазычылык билдиргим келет. Лизинг боюнча кеңештерин берип, мыкты деңгээлде жардам көрсөтүштү. Буйруса алдыда пландар көп. Аларды дагы ишке ашырууда "Айыл Банкка" кайрылам."

"Айыл Банк" жагымдуу шарттарда лизингге техника сатып алуу мүмкүнчүлүгүн сунуш кылат. Кенерээк билүү үчүн бул жерди басыңыз.

← Тизме боюнча артка