"Айыл Банк" ААКсы мамлекеттик ипотекалык программасынын алкагында ипотекалык кредитөөнү ишке ашырууну жандантты

20.09.2021

«Айыл Банк» ААКсы «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы менен бирдикте ипотекалык кредиттерди ишке ашырууну кайра баштады. Кошумча кызматташуу келишимине 2021 -жылдын 15 - сентябрында кол коюлган.

"Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик программасынын алкагында турак жай сатып алууга кредит эки багытта - «Жеңилдетилген ипотека» жана "Жеткиликтүү ипотека" боюнча 15 жылдан 25 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

«Жеңилдетилген ипотека»
Кимдерге берилет: Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана аларга баш ийген уюмдарда жана ишканаларда, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында жана мамлекеттик телерадио уюмдарында иштеген жарандарга.
Пайыздар: 4-8%
Суммасы: 4 000 000 сомго чейин

«Жеткиликтүү ипотека»
Кимдерге берилет: Негизги талаптарга жана тандоо механизмдерине жана МИКтин кошумча талаптарына жооп берген шарттарда КРнын бардык жарандарына.
Пайыздар: 8-12%
Суммасы: 5 000 000 сомго чейин.

Айта кетчү нерсе, «Айыл Банк» ААКсы Программанын катышуучуларынын арыздарын Компаниянын электрондук порталында (www.portal.gik.kg/login) «МИК бекитилген» статусу менен карайт.

← Тизме боюнча артка