Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата Айыл Банк тренинг өткөрдү

25.10.2021

Бүткүл дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун алкагында Айыл Банктын Сатуу секторунун кызматкерлери Кыргыз агрардык университетинин студенттери үчүн электрондук санарип

финансылык кызматтар жөнүндө семинар өткөрүштү.

Тренингдин негизги максаты - студенттерди санариптик жана финансылык коопсуздуктун негиздери, дистанциялык банкингдин мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу. Студенттердин бул тема менен байланыштуу кызыктырган суроолорун бергенге мүмкүнчүлүктөрү пайда болду.

Соңунда банк кызматкерлери тренингдин эң активдүү катышуучуларына белектерди тапшырышты.

← Тизме боюнча артка