«Айыл Банк» ААКсы майда, чакан жана орто ишканаларды колдоого алуу үчүн пайызсыз кредит берет

08.09.2021

«Айыл Банк» ААКсы чакан жана орто ишканаларды шашылыш колдоого алууга багытталган “Финансылык жардам” кредиттик продуктуну ишке киргизди.

Бул продукттун алкагында кеминде 12 ай иштеген майда, чакан жана орто ишканаларга (2018-жылдын 1-июлунан 2019-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта иштегендерге)18 айга чейин пайызсыз кредиттер берилет.

Шарттары:
Максаттуу топ

Биринчи категория

Майда ишкерлер:

Жылдык кирешеси КНС боюнча каттоо чегинен ашпаган – 8 млн сом өлчөмүндөгү өз эрки менен алган патент, милдеттүү патент, бирдиктүү салык алкагында иш алып барган өз ыктыяры менен алган патенттин же жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде иш алып барган жеке ишкерлер.

Экинчи категория

Чакан жана орто бизнес:

- бирдиктүү салык, жалпы салыктык режим, салыктык контракт алкагында иш алып барган өз ыктыяры менен алган патенттин же жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде иш алып барган жеке ишкерлер жана жылдык кирешеси КНС боюнча каттоо чегинен ашпаган – 8 млн сомдон ашпаган юридикалык жактар.

- Жалпы салыктык режимде иш алып барган өз ыктыяры менен алган патенттин же жеке ишкер катары каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн негизинде иштеген юридикалык жактар (ЖЧК же АК), жеке ишкерлер, ошондой эле жылдык кирешеси 8 млн сомдон 30 млн сомго чейинкини түзгөн юридикалык жактар.

Карыздын багытталышы

Документ аркылуу тастыкталган операциялык чыгашалар:

- эмгек акыга кеткен чыгашалар;

- товар сунуштоочулардын эсеп-фактуралары;

- ижара төлөмүнө кеткен чыгашалар;

- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар (интернетти кошо алганда).

 

Айыл-чарбасы каржылоого алынбайт

Документ аркылуу тастыкталган операциялык чыгашалар:

- эмгек акыга кеткен чыгашалар;

- товар сунуштоочулардын эсеп-фактуралары;

- ижара төлөмүнө кеткен чыгашалар;

- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгашалар (интернетти кошо алганда).

 

Айыл-чарбасы каржылоого алынбайт

Карыздын валютасы сом сом
Карыздын суммасы  100 000 сом

150 000 сомдон 825 000 сомго чейин

Мөөнөтүү 18 ай 18 ай
Пайыздык чен 0% 0%

Талапка жооп берүү критерийлери

- отчетторуна карата жөнөкөйлөтүлгөн талаптар белгиленген шартта иштеп жаткан жеке ишкерлер;

- 2018-жылдын 1-июлунан 2019-жылдын 31-декабрын кошо алгандыгы мезгил аралыгында 1 жыл активдүү иштегендигин тастыктаган документтерди кароого сунуштаган жеке ишкерлер.

- иштеп жаткан чакан жана орто ишканалар, анын ичинде бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүп, өз кирешесин жана алган пайдасын декларациялаган жеке ишкерлер;

- 2019-жылдын 31-декабрын кошо алгандагы мезгил аралыгы6нда 1 жыл пайда алуу менен/ чыгашасыз иштегендигин салык декларациясы (же болбосо маалымкат, башка документтер) тастыктагандар;

- салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөр боюнча карызы жоктор (2019-жылдын 31-декабрын кошо алганда).

 

Карыз боюнча камсыздоо

Төмөнкү пункттардын бири:

а) финансылык абалы Банктын талаптарына жооп берген кеминде бир кепил болуучунун болушу (жубайынан башка);

б) 100% кыймылдуу мүлкүнүн (мал-жандыктан тышкары): жабдуулар, жеке мүлктөрү (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.), жүгүртүүдөгү товарлар, автоунаа;

в) негизги карыз ордун жаба алгандай кыймылсыз мүлк.

а) минималдуу камсыздоо суммасынын кеминде 80% түзгөн кыймылсыз мүлк жана 20% ашпаган кыймылдуу мүлк ( мал-жандыкты жана товардык – материалдык баалулуктарды эске албаганда).

 

← Тизме боюнча артка