«Айыл Банк» ААКсы "Гослизинг-6" линиясы аркылуу биринчи айыл чарба техникасын лизингге берди

10.11.2021

Экономика жана финансы министрлиги «Айыл Банк» ААКга өзүнчө кредиттик линия ачууга жана айыл чарба техникасын лизингге берүүгө 426,7 млн ​​сом бөлдү.

 "Айыл Банк" бул каражаттарды реализациялоо үчүн «Гослизинг-6» лизингдик продуктусун иштеп чыкты. Кардарлар бул продукт аркылуу айыл чарба, кайра иштетүүчү жабдууларды, сугат машиналарын жана тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды жылына 4,5% менен 10 жылга чейин лизингге алалышат.

Кечээ күнү  «Гослизинг-6» продуктусунун алкагында биринчи жолу айыл чарба техникасы лизингге берилди. «Елена» дыйкан чарбасы Кыргызстанда азырынча аналогу жок акыркы модификациядагы Белоруссия 82,3 тракторун алды. Бул трактор ар кандай айыл чарба иштерин жүргүзүүгө арналган.

«Елена» дыйкан чарбасы 2004-жылы негизделген. Чарбанын башчысы Олег Карпич колхоздо узак убакыт бою шофёр болуп иштеген. Акыркы сегиз жылдан бери мал жана эгин чарбасы менен алектенет.

Буга чейин талаа жумуштарын колдун күчү жана техника менен жүргүзүп келген. Бузулган техникаларды уулу менен өзү оңдойт.  Анткени колхоздо көп жылдан бери шофёр болуп иштеп жүрүп, техниканы оңдоодо чоң тажрыйбага ээ болгон.

Дыйкан буга чейин эскирген техниканы колдонуп келген. Көп кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Ошондуктан, ал заманбап техниканы лизингге алуу үчүн "Айыл Банкка" кайрылууну чечкен.

Жакын арада дыйкан жаңы тракторуна кошумча жабдыктарды алууну пландоодо.

«Айыл Банк» ААКсы «Гослизинг-6» аркылуу чарбалык субъекттерге айыл чарба жана кайра иштетүүчү техникаларды, тамчылатып сугаруу үчүн жабдууларды лизингге төмөндөгү шарттар менен берет:

Лизинг мөөнөтү - 10 жылга чейин;

Пайыздык чени - жылдык 4,5%;

Алгачкы төлөм - лизингге алынган буюмдун наркынын кеминде 10%.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн "Айыл Банкка" кайрылыңыз!

← Тизме боюнча артка