«Айыл Банк» ААКсы 7 даана орто тоннаждагы жүк ташуучу унаасын лизингге өткөрүп беришти

13.12.2021

«Айыл Банк» ААКсы жана «LKW Center»  ИП Алыбекова ишканасына 7 даана орто тоннаждагы ISUZU NQR 71 PL жүк ташуучу унаасын лизингге өткөрүп беришти.

Бул кардар Ош шаарында, ошондой эле Ош облусунун жакынкы райондорунда дистрибьюторлук ишмердүүлүк менен алектенип, 1997-жылдан бери соода тармагында иштеп келет.

Компанияда сатуу боюнча агенттер, айдоочулар жана эсепчи сыяктуу 20га жакын жумушчулар иштешет. Кардар тарабынан сатылган продукциялар ар дайым суроо-талапка ээ, эч кандай сезондук жок, ошондой эле көп сандаган атаандаштыкка карабастан жыл сайын ишкердүүлүүгүү өнүгүп келет.

ИП.Алыбекова техниканын лизингинин шарттарын изилдеп чыгып, тандоосун Айыл Банктын пайдасына жасады. Анткени Айыл Банкта лизинг боюнча шарттар кардарлар үчүн ыңгайлуу.

Бул жабдууларды алып келүүчүү компания “LKW Center” бүгүнкү күндө ISUZU маркасындагы коммерциялык жана жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын дилердик борборуна ээ. Компания бул жабдууларга 2 жылга же 100 000 км кепилдик берет, эксплуатациялоонун бүткүл мезгилинин ичинде сервистик тейлөөнү, сатылган жабдууларды запастык бөлүктөр менен жана тетиктер менен камсыздоону ишке ашырат.

Толук маалыматты ab.kg сайтынан же Call-борборуна кайрылып алсаңыздар болот.

← Тизме боюнча артка