«Айыл Банк» ААКсы «Комиссиясыз банктык гарантия» акциясын жарыялайт

13.12.2021

«Айыл Банк» ААКсы «Комиссиясыз банктык гарантия» акциясын жарыялайт.

Банктык гарантия - бул банк гарантия берүүгө даяр болгон компаниянын төлөмгө жөндөмдүүлүгүн тастыктоочу документ, ал келишимдин шарттары аткарылбаган учурда ал боюнча акчалай милдеттенмелерди аткарууну кепилдейт.

«Айыл Банк» ААКсы алардын максатын, мөөнөтүн жана кардарлардын башка керектөөлөрүн эске алуу менен банктык гарантиялардын кеңири спектрин камсыз кылат. 

Акция күрөө катары накталай акча колдонулган банк гарантияларына карата колдонулат. Акция 2022-жылдын 1-майына чейин.

Толук маалыматты Айыл Банктын кеңселерине же Call-борборуна кайрылып алсаңыздар болот.

← Тизме боюнча артка