Россия Федерациясында жана Беларусь Республикасындагы Western Union акча которуу системасынын иштеши жөнүндө маалымат

16.03.2022

Урматтуу кардарлар, «Айыл Банк» ААКсы 2022-жылдын 24-мартынан тартып Россия Федерациясында жана Беларусь Республикасында Western Union акча которуу системасы токтотулгандыгын жарыялайт.

Россия Федерациясынан жана Беларусь Республикасынан Western Union системасы аркылуу 2022-жылдын 24-мартына чейин жөнөтүлгөн бардык чек ара аркылуу өтүүчү которуулар алуучуларга төлөнөт.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынан башка өлкөлөргө (Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) жана башка өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына (Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынан тышкары) бардык акча которуулар кадимки тартипте жүргүзүлөт.

← Тизме боюнча артка