"Айыл Банк” ААКсы лизингге асыл тукум мал берүүнү көбөйтөт

23.03.2022

Кеңешмеге Айыл чарба министри А.Жаныбеков, Банк Башкармасынын төрагасынын орун басарлары Б.Асанбаев, А.Байысов баш болгон кызматкерлер катышты.

Бул долбоор 2018-жылдан бери колдонулуп, жакшы натыйжаларды көрсөтүп келет. Андыктан, банк кызматкерлери ушул долбоорду дагы кеңейтип, натыйжалуулугун арттыруу максатын көздөшүүдө.

Долбоор сырттан алынып келинген сүт жана эт багытындагы ири мүйүздүү асыл тукум  малдарды жергиликтүү шартта багып, санын көбөйтүү менен эт жана сүт азыктарынын сапатын жогорулатып, жергиликтүү калктын ден-соолугуна камкордук көрүү, ошондой эле, сүт азыктарын кайра иштетүүнү жөнгө салуу менен асыл тукум чарбаларын көбөйтүү максатын көздөйт.

Бул боюнча Айыл чарба министри А.Жаныбеков да өз оюн билдирди. Ал: "Жакынкы жылдарда азыр колдонулуп жаткан малдын баары асыл тукум малга жаңырышы керек. Ошондо гана биздин фермерлер жакшы пайда көрө алышат",- деп айтты.

Кеңешмеде бул иштерди банк аталган министрлик менен бирге жүргүзсө, натыйжалуу болоору, б.а, системалуу, комплекстүү мамиле керектиги айтылды.

"Айыл Банктын" өкүлдөрү Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнөн асыл тукум малды аныктоодо кандай талаптар коюлат, кайсы тукумдагы малдар кирешелүү болот,  учурда  алынып келген малды тиешелүү ветеринардык-техникалык көзөмөлдөн өткөрүү маселелерине колдоо көргөзүүнү суранышты.

Ал эми, Айыл чарба министрлиги кичи, орто, ири чарбаларга кандай талаптар коюлат, фермерлер асыл тукум малды өздөрү алып келсе, кандай, башкалар алып келсе кандай шарттар коюларына кызыгышты.

Кеңешменин акырында аталган тараптар жакын арада биргеликте фермерлерди кыдырып чыгуу ишин пландашты.

Айта кетүүчү нерсе, бул долбоор пилоттук катары иштеп, ал аркылуу 214 баш мал лизингге алынган. Сүт багытындагы асыл тукум мал Чехиядан, Россиядан алынып келинсе, эт багытындагы малдар  Америкадан алынып келинген, бирок, биздин өлкөдө өстүрүлгөн. Эми бул долбоор боюнча Айыл чарба министрлиги атайын программа даярдап, Министрлер кабинети тарабынан каражат бөлүнөрү пландалууда.

← Тизме боюнча артка