2022-жылдын 22-мартында «Turmush.kg» маалымат булагында жарыяланган макала боюнча

24.03.2022

 

2022-жылдын 22-мартында «Turmush.kg» маалымат булагында жарыяланган «Манас районунун прокуратурасы тарабынан «Айыл Банк» ААКсы филиалынын кызматкерлери кардардын депозиттик эсептеринен түшкөн акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоо тууралуу» макалага карата  «Айыл Банк» ААКсы төмөндөгүнү билдирет:

 

Бул факты Кара-Буура филиалы тарабынан кардарлардын банктык эсептерин текшерүү учурунда аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө, акча каражатын пайдаланган банктын мурдагы кызматкери  (КР Эмгек кодексинин 83-беренесинин 7-пункту менен кызматтан бошотулган) сактык кассанын мурдагы жетекчиси Г.А. болгон.

Прокуратура жарыяланган факты банк тарабынан 2022-жылдын 17-мартында  филиалдын жетекчиси тарабынан аныкталып, ички иштер органына арыз жазылган. Бирок, алар  кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыктан, ал ошол эле күнү прокуратурага арыз менен кайрылган. Алар 2022-жылдын 22-мартында Банктын билдирүүсүнүн алкагында кылмыш ишин козгоп, кийинчерээк маалымат каражаттарына жарыяланган.

Ушуга байланыштуу, Банк мурдагы кызматкери Г.А.га карата акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу боюнча жаңыдан ачылган фактыга карата арыз берүү аракеттери мыйзамдуу жана өз убагында жасалган деп эсептейт.

← Тизме боюнча артка