«ЭЛКАРТ Мобайл» мобилдик тиркемесин жаңыртуу жөнүндө

19.04.2022

УТС ЭЛКАРТ “ЭЛКАРТ Мобайл” мобилдик тиркемесин жаңыртуу жөнүндө маалымдайт. Алдамчылык транзакциялардын тобокелдигин азайтуу үчүн колдонуучуларга идентификациялоо киргизилди.

19-апрелден тарта мобилдик тиркеменин баардык колдонуучуларына “Белгисиз” статусу ыйгарылып, тиркеменин функциялары чектелет. Идентификациядан өткөндөн кийин ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесинин колдонуучуларына, тиркеменин баардык мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Тиркеменин толук функционалдуулугун колдонуу үчүн, сиз тиркеменин жаңыланган версиясын жүктөп алып, төмөндөгү көрсөтмөлөргө ылайык идентификацияны аралыктан өтүүңүз керек.

1. Тиркемени Google Play же App Store дүкөнүнөн жүктөп алыңыз же жаңыртыңыз;

2. "Профиль" бөлүмүндө жеке маалыматтарыңызды толтуруңуз: Фамилия, Аты, жарандыгы, ПИН, паспорттун сериясы жана номери;

3. ID-паспортуңуздун алдыңкы жана арткы бетин сүрөткө тартып, жүзүңүздү сүрөткө тартып, киргизилген маалыматтарды сактаңыз;

Маалыматтар текшерүүдөн өткөндөн кийин, идентификация статусу аккаунтуңуздун профилинде көрсөтүлөт.

“Банктар аралык процессинг борбору” ЖАКсы идентификациядан өтө элек колдонуучулар үчүн ЭЛКАРТ Мобайл тиркемесинин чектелген версиясы жеткиликтүү болоруна көңүлүңүздү бурат. Ошондой эле, профилиңизге картаны кошууда ката пайда болсо, сиз картаны алган Банктын филиалына кайрылып, жеке маалыматтарыңызды жаңыртышыңыз керек.

Кошумча суроолоруңуз пайда болсо Call-борборуна төмөнкү телефон номурлары менен кайрылсаңыз болот: 0 312/707/222/506 68 00 00.

← Тизме боюнча артка