"Айыл Банктан" депозиттер боюнча жаңы акция

26.04.2022

"Айыл Банк" жеке жактар үчүн депозиттер боюнча жаңы акция баштады.

2022-жылдын 30-июнуна чейин сизде "Кенч" жана "Керемет" депозиттери боюнча жогорулатылган ставка менен депозит ачуу мүмкүнчүлүгүңүз бар.

Келишим мөөнөтү

(ай)

Депозиттердин аталышы
“Керемет” “Кенч”
12 8%+3 10%+2
18 9%+3 10,5%+2
24 11%+1,5 12%+1
36 - 13,5%+0,5

"Кенч" мөөнөттүү депозити – бул, толуктоого же бөлүп алууга мүмкүн болбогон, жогорулатылган пайыздык чен алдында, белгилүү бир мөөнөткө банкка  салып коюуга боло турган бош акча каражатына ээ болгон кардарлар үчүн каралган. Депозиттин бул түрү кепилденген туруктуу киреше алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Эң эле сарамжалдуу кардарлар үчүн "Айыл Банк" "Керемет" топтолмо депозитин сунуштайт. Пайыздар ай сайын төлөнүп турат же  кардардын талабы  боюнча капиталдаштырылышы мүмкүн. Салымды кошумчалап турууга чектөөлөр белгиленген.

← Тизме боюнча артка