Айыл чарба техникалары жаңырат, төрт тараптуу меморандумга кол коюлду

17.05.2022

2022-жылдын 16-майында “Айыл Банк” ААКсы, КР Айыл чарба министрлиги, КР Каржы министрлиги, “John Deere” жана “Евразия Групп” компаниясынын ортосунда айыл чарба техникаларын жаңылоо боюнча долбоорду ишке ашыруу меморандумуна кол коюлду.

Айыл чарба техникаларын чыгарып, дүйнөгө таанылган “John Deere” компаниясы бул меморандумдун негизинде Кыргызстандагы жер иштетүүчүлөр үчүн 50 млн.АКШ долларын этап-этабы менен бөлүп берет.

Кыргызстандын айыл чарба тармагын модернизациялоо максатында “Айыл Банк” ААКсы алынган кредиттик линияны айыл чарба шаймандарын сатып алууга колдонот жана лизинг программасынын алкагында айыл чарба техникасын 6-8 % менен 5 жылдан өйдө мөөнөткө берет. Дал ушул меморандумдун негизинде кыргызстандык дыйкандар заманбап техникаларды башкаруу боюнча билим да алышмакчы.

Тараптар кызматташтыкты чыңдоо менен Кыргызстандын айыл чарба тармагын кыйла натыйжалуу өнүктүрүүгө салым кошуу максатын көздөөдө. Бул айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн машина-трактордук паркын толуктоо, жаңылоо, заманбап айыл чарба техникалары менен камсыздоо үчүн ыңгайлуу жагдай болуп калмакчы.

“Айыл Банк” ААК Башкармасынын төрагасы Улан Букабаев азыркы учурда банктын лизинг портфелинде 2,5 миллиард сом каражат бар экенин билдирип, учурда дыйкандар техника, үрөн,  мал багуу жагынан болобу сапатка көңүл бөлө баштаганын белгиледи.  Банк 2011-жылдан бери лизинг боюнча иштеп келет. “Айыл Банк” ААКсы тарабынан ушул убакка чейин 7 миллиард сомдон ашык каражатка 4000ден ашык техника берилди.

← Тизме боюнча артка