Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын башкармасынын Израилдин делегациясы менен жолугушуусу

17.05.2022

Эл аралык инвесторлорду кызматташууга тартуунун алкагында «Айыл Банк» ААКсынын Башкармасы  Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын  мүчөлөрүнөн жана Granot International , Bee Smart Trade (Би Смарт Tрейд) өкүлдөрүнөн турган Израиль делегациясы менен жолугушуусун уюштурду.

Израилдик Гранот Интернейшнл фирмасы ири айыл чарба кооперативи. Ал 1940-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө  «Гранот Интернейшнл» Израилдин жээктеги жана борбордук райондорунда 43 кооперативге таандык болгон 20 заводго жана ишканага көзөмөл жасайт.

Ал эми, Bee Smart Trade - бул Израилде жана дүйнө жүзү боюнча чекене сектордогу өнүмдөрдү жана бренддерди өнүктүрүүгө багытталган холдинг. Компания акылдуу чекене соода тармагында инновациялык чечимдерди ишке ашыруу максатында түзүлгөн.

Жолугушууда тараптар агроөнөр жай тармагындагы кызматташуунун келечеги тууралуу талкуулашты. Израил тарап биргелешкен программаларды жана стартаптарды ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын айыл чарба өкүлдөрү менен кызматташууга зор кызыгуусун билдирди.

← Тизме боюнча артка