Жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча биргелешкен «GFC Bishkek» компаниясынын бет ачары болуп өттү

25.05.2022

“Айыл Банк” ААКсы түзүлгөндөн бери жашыл экономиканы өнүктүрүүнү жана ишке ашыруунун үстүндө иштеп келет. Бул багытты ишке ашыруу максатында, банк бир катар иштерди жүргүзүп келүүдө.

Бүгүн, 2022-жылдын 25-майында Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында биздин республикада жашыл каржылоону өнүктүрүү боюнча биргелешкен «GFC Bishkek» компаниясынын бет ачары болуп өттү.

Салтанатка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин, Кыргызстандагы БУУнун тутумунун, каржы уюмдарынын жана климаттык жана жашыл каржылоо процесстерине катышкан башка институттардын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

"GFC Bishkek" компаниясын түзүүнүн демилгечилери «Айыл Банк» ААКсы, «Астана» Эл аралык Финансы Борборунун Жашыл Каржы Борбору, «Кыргыз Фонд Биржасы» ЖАКсы жана "Кыргызстан банктар союзу" ЮЖБсы болуп саналат.

«Айыл Банк» ААКсынын Башкармасынын төрагасы У.А. Букабаев өз кезегинде бул долбоордун өтө маанилүү экенин белгилеп, «Айыл Банк» ААКсы артыкчылыктуу мамлекеттик программалардын системалык оператору болуу менен жашыл каржылоону илгерилетүүгө салым кошууга даяр экенин айтты. “Компаниянын түзүлүшү Кыргыз Республикасындагы Астана Эл аралык Финансы Борборунун мыкты дүйнөлүк тажрыйбасын өнүктүрүүгө жана жайылтууга сапаттуу таасирин тийгизет деп ойлойм”,-деди ал.

Компанияны түзүүнүн негизги максаты – туруктуу каржылоо чөйрөсүндө AЭАФБнын Жашыл Каржы Борбору тарабынан иштелип чыккан мыкты тажрыйбаларды жайылтуу, Кыргыз Фондулук Биржасында жашыл, социалдык облигацияларды жана кредиттерди чыгарууну колдоо; "жашыл" финансы чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү, ESG отчетун берүү, Кыргыз Республикасынын финансы сектору үчүн исламдык каржылоо практикасын киргизүү, ошондой эле инвестиция жана финансы чөйрөсүндө билим берүү программаларын уюштуруу.

← Тизме боюнча артка