“Айыл Банк” кызматташтык тууралуу келишимдерге кол койду

26.05.2022

Бүгүн 2022-жылдын 26-май күнү «Айыл Банк» ачык акционердик коому менен «Айоне Финансовые Технологии» жоопкерчилиги чектелген коомунун (CEOS оператору) ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.

Келишимге кол коюу «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү» Биринчи Евразиялык экономикалык форумда болду.

Тараптар Кыргыз Республикасынын айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн мал чарбасын лизингге берүү боюнча мамлекеттик программасын ишке ашырууну камсыз кылуу, айыл чарба жаныбарларын жүгүртүүнүн ички өнөр жай рыногун өнүктүрүү боюнча, мал чарбасы менен экспорттук-импорттук операцияларды өнүктүрүү милдеттерин алышты.

Алар ошондой эле, Кыргыз Республикасынын аймагында малдын санын эсепке алууну уюштуруу жана аларды сатып алуу-сатуу боюнча экспорттук-импорттук операцияларды кайра иштетүү боюнча бирдиктүү санариптик экосистеманы ишке ашырууга катышууну ниеттенишүүдө.

Ушул эле күнү лизингге жабдууларды жеткирүү боюнча контрактка да кол коюлду. Кол коюуу «Айыл Банк» ААКсынын Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Жанар Норузбаев жана CT AGRO GmbH компаниясынын өкүлү Алексей Кукс тарабынан болду.

Бул контракттын негизинде айыл чарба техникасын чыгаруучу ири компания болгон СLАAS компаниясы айыл чарба техникаларын сатууну гана эмес, каржылоо, элеттик дыйкандарга өздөрүнүн техникаларын колдонуу үчүн окутууларды да акысыз жүргүзөт.

← Тизме боюнча артка