Кыргыз үйүн Америкага тааныткан апа

06.06.2022

Бурулкан Төлөгөнова Нарын шаарында жашап, кыргыздын боз үйүн Европа өлкөлөрүнө, Америкага чейин тааныткан айым. Ал “Айтилек” кол өнөрчүлөр кооперативинин жетекчиси. 2007-жылы негизделген бул  топто адегенде 10 аял иш менен камсыз болуп турса, азыр 35 кол өнөрчү эмгектенет.

Бурулкан апа өмүрүнүн 28 жылын медицинага арнап, 45 жашка келгенде, кыргыздын боз үйүн, шырдагын жасай баштаган. Андан бери анын эмгеги эл оозуна алынып, уз апанын колунан жасалган боз үйлөр түрдүү республикалык фестивалдарда, мааракелерде тигилип, байгелүү орундарга ээ болуп келет. Мындан сырткары 10дон ашык кыргыз үйүн Соңкөлгө тигип, жайында келген чет элдиктерди кымыз жыттанган үйдө түнөтүп, эс алуусуна шарт түзүп берет. Ошол жылдар аралыгында Бурулкан апа 40тан ашык боз үйдү жасалгасы менен сатты. Апаппак кийизден жасалып, келишкен жасалгалары менен короосуна тигилген 100 баш боз үй 550 миң сом турат экен.

Кооператив быйыл ишин кеңейтип, илгерилетүү үчүн банктан кредит  алган. Себеби, чоң көлөмдө жүндү алып, кайра иштетүүгө аз каражат талап кылынбайт. Андыктан, Бурулкан апа “Айыл Банк” ААКсынан “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун негизинде 6%дык кредит алып, аны ийгиликтүү колдоно баштады. Эми шырдактарды коңшу Казакстанга да жөнөтүп, кыргыздын нукура баалуулуктарын жайылтууда.

Бурулкан апа ишинин түйшүгү тууралуу мындайча айтып берди:
“Мурда жаңы иш баштаган убакта 28-33% менен кредит алып, кыйналган күндөр көп болду. Бул иш ийнелеп жасаган үчүн жай бүткөн жумуш. “Айыл Банктан” кайра иштетүү үчүн алып жаткан 6%дык кредит бизге абдан жакшы жардам берип жатат. Себеби, анда 6 айлык каникул дегени бар экен. Биз ошол убакта буюмдарды сатыкка даярдап алабыз. Мурда кийизди өзүбүз жасачу элек. Азыр атайын цехке жүндү тыттырып, тазалатып, уютуп алабыз. Себеби, кийиз арбын керек, буюртма көп. Көбүнчө Казакстандан заказ келет. Биздин мекендештер да кызга сеп үчүн алышат.

Мени менен иштешкен айымдарга оймону оюп берем, кийизди жөрмөп алып келишет, ишине жараша акы алышат. Андан соң четтерин стандартка салып тегиздеп кесип берем, алар шырып, кайра алып келишет. Бардыгы үйлөрүнөн иштешет. Азыр баары эле жакшы өздөштүрүп калышты”,-дейт апа.

Коронавирус пандемиясына чейин “Айтилек” кооперативи жасап чыгарган боз үй, шырдактар Европа мамлекеттерине сатыкка чыгарылып турган. Азыр бул өлкөлөрдүн арасына коңшу казакстандык кардарлар кошулду. Алар кол өнөрчү айымдардын эмгегин жогору баалайт. Бурулкан апа баштаган иш азыр үй-бүлөлүк бизнеске айланды. Анын уулу да ага көмөк көрсөтүп, боз үй жана шырдак жасоодо оор жумуштарды аткарып турат.

Бурулкан апа: “Менин ойлогонум эле, келечек муун өзүнүн ата-бабасынын буюм-тайымын, салт-санаасын унутпаса, кыргыз элинин шырдагы, боз үйү кылымдар жашап, урпактарыбыз урунуп турса дейм”,-деп сөзүн жыйынтыктады.

 

 

 

← Тизме боюнча артка