Бакасов Эрмек Шаршенбекович "Айыл Банк" ААКсынын Башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Жалпы финансы чөйрөсүндө, анын ичинде банк секторунда, муниципалдык башкаруу жана мамлекеттик органдарда 20 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Кредиттөө, тобокелдиктерди башкаруу жана стратегиялык өнүгүү жаатындагы адис.
Башка банктарда директорлор кеңешинин жана башкарманын мүчөсү кызмат орундарын аркалаган. "Айыл Банк" ААКсында 2022-жылдын сентябрь айынан бери эмгектенип келет, эки жылдан ашык ВИП-борбор филиалын жетектеген. Буга чейин башкармалыктын төрагасынын кеңешчиси, ошондой эле Башкармалыктын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Билими - "Финансы жана кредит" адистиги боюнча экономист, көптөгөн квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөн.
Жаңы кызматыңызда ийгиликтерди каалайбыз!