Айыл Банктын Директорлор кеңеши жана Башкармалыгы банктын филиалдарынын башкармалары менен кеңейтилген отурумду өткөрдү

15.02.2016

Директорлор кеңешинин төрагасы Кайрат Маматов өзүнүн кириш сөзүндө банктын 2015-жыл үчүн ишин жыйынтыктады.

Айыл Банк акыркы жылдары жакшы жыйынтыктарга жетти:

01.01.2016-жылга карата, банктын активдери, былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 1,5эсе көбөйүп, 16,4 млрд. сомду түздү;
насыя портфелинин көлөмү 2015-жылдын ушул мезгилине караганда 1,3эсе көбөйүп, 10,1 млрд. сомду түздү.    Ошону менен бирге насыялардын кайтарымдуулугу 99%ды түздү.

Ошондой эле Банк Башкармалыгынын Төрагасы Эркин Асрандиев өзүнүн сөзүндө, банктын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүү темптери 2015-жылдын башталышына караганда позицияларын жакшыртканын белгилеп кетти.

“Каржы кризистин абалында Айыл Банк өзүнүн позицияларын кармап эле калбастан, өзүнүн ишинде чоң жыйынтыктарга жеткенин белгилеп кетүү зарыл”, - деп Э.Ш. Асрандиев өзүнүн сөзүндө белгилеп кетти. 

Отурумда негизги көңүл насыялоо секторуна бурулду. Бөлүнгөн каражаттардын өздөштүрүү темптерин тездетүү үчүн, калктын насыялоосун өбөлгөлөө жана насыя ресурстарына жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу  боюнча чараларды көрүү (пайыздык чендерди төмөндөтүү, насыяларды берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү, насыялоо маселесинде филиалдарга кошумча ыйгарым укуктарды берүү) зарылчылыгы белгиленип кетти. 

Ошондой эле отурумда каралган маанилүү маселелеринин бири болуп, банктын кардарга карата багытталган деңгээлин жогорулатуу жана бекитилген бизнес-планга ылайык, ири корпоративдик кардарларды тартуунун эсебинен, банктын кирешесин мындан аркы өстүрүүсү болду.

Мындан тышкары, ички ресурстарды жана көрсөтүлгөн кызматтарды кеңейтүү жана кардарлардын ишенимин бекемдөө боюнча мүмкүнчүлүктөрдү толук көлөмдө колдонбогон банктын айрым бөлүмдөрүнүн иши сыноого алынды. 

Кеңейтилген отурум ошондой эле келечекке пландарды жана 2016-жылга долбоорлорду белгиледи. Коюлган максаттарга жетүү үчүн банктын бөлүмдөрү, банктын насыялык продуктыларына жетүү мүмкүнчүлүгүнө, ресурстук базасынын көбөйүшүнө, улуттук валютасында жаңы депозиттерди тартууга, экономика секторунун насыялык колдоосуна, чет өлкө инвестициялардын тартуусуна көмөктөшүүгө, Банктын коопсуз ишинин ченемдеринин сакталышына негизги көңүлдү бурушу керек.

2015-жылдын ишинин жыйынтыктары боюнча кеңейтилген отурумдун аягында банктын үлгүлүү бөлүмдөрүнө жана кызматкерлерине төмөнкү аталмалар боюнча сыйлыктар тапшырылды: “Эң мыкты филиал”, “Эң мыкты касса”, “Эң мыкты насыялоо кызматкери”, “Эң мыкты насыялоо администратору”, “Эң мыкты кассир”, “Эң мыкты бухгалтер” ж.б. 

Урматтуу кесиптештер! Сиздерди алган сыйлыктар менен куттуктайбыз, чың ден соолук жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалайбыз!

← Тизме боюнча артка