Бош орундар

“Айыл Банк”  бош жумуш орундарына КОНКУРС жарыялайт!

Беловодское  жана Токмок филиалдарынын Ислам принциптери боюнча финансы бөлүмдөрүндө төмөнкү кызматтар бош:

1. Улук адис
2. Башкы адис

Талапкерлер үчүн минималдуу талаптар:

- Жогорку билим.
- банк же финансы-кредит тармагындагы иш тажрыйбасы - 1 жылдан кем эмес.
- Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салуучу мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларын билүүсү талап кылынат.

Резюмеңизди sanzhar.bapa.uulu@ab.kg почтасына жөнөтүңүз . 


Персонал менен иш алып баруу башкармалыгы төмөнкү  кызмат орундарына тышкы сынак жарыялангандыгын билдирет:

1. Токмоктогу филиалдын  Кеминдеги аймактык бөлүмүнүн кредиттөө  боюнча адиси

Талапкерлерге карата коюлуучу  минималдуу талаптар:

  • жогорку  же орто билиминин болушу
  • банк же финансы-кредит уюмдарында иш тажрыйбасынын болушу;

Кыргыз Республикасынын банктык иш чөйрөсүн жөнгө салган мыйзам талаптарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын ченемдик актыларынын жоболорун жакшы билүүсү, ошондой эле кредиттөө боюнча иш багытына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп, иш процессин пландаштыруу менен аны жөнгө салууга жөндөмдүүлүгү талап кылынат.


Персонал менен иш алып баруу башкармалыгы Банктын Түптөгү филиалы үчүн юристтин кызмат ордуна талапкерди караштырып жаткандыгын билдирет.

Талапкерлерге карата минималдуу талаптар:
- жогорку юридикалык билиминин болушу;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы жарандык (айрыкча банк иш өзгөчөлүгүнө тиешелүү) эмгек мыйзам талаптарын жакшы билүүсү;
- сот процессине жана аткаруу ишине тиешелүү жол-жоболорду билиши;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын жоболорун билүүсү;
- юридикалык документтерди талаптагыдай тариздетүү эрежелерин жана жол-жоболорун жакшы өздөштүргөндүгү;
- кызматтык милдетин аткарууда мамлекеттик жана расмий тилдерди толук кандуу колдоно билиши.

Эмгек шарттары:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык белгиленет;
- Иш тартиби 5/2 саат 08:30дан 17:30га чейин.

Сүрөтү менен кыскача таржымалын (резюме) 2022-жылдын 3-ноябрына чейин tologon.osmonov@ab.kg дарегине жөнөтүү керек.

Аралыктан банктык тейлөө башкармалыгынын Карт операцияларынын эсебин жүргүзүү бөлүмүнүн адиси кызмат ордуна сынак жарыялангандыгын билдирет.

Талапкерлерге карата коюлуучу  минималдуу талаптар:
- жогорку экономикалык билиминин болушу;
- банк системасында кеминде 1 жылдык эмгек тажрыйбасынын болушу;
- Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салган мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана бүтүндөй банк системасынын карт операциялары жагында кабыл алынган ченемдик актыларынын жоболорун билүүсү;
- кызматтык милдетин талаптагыдай аткаруусу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди жакшы билүүсү;
- (БАПБ ЖАК)  СМС менен иштей билүү жөндөмдүүлүгү;
- карт операцияларынын эсебин каттоо жагында билим деңгээлинин жана иш-тажрыйбасынын болушу;
- VISA, Mastercard, Элкарт төлөм тутумдарынын ченемдик документтерин жакшы билүүсү;
- бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүп, финансылык отчетту түзө билүүсү;
- тажрыйбалуу колдонуучу катары компьютерде жакшы иштей билүүсү талап кылынат.

Сүрөтү менен кыскача таржымалын (резюме) azamat.torutaev@ab.kg дарегине жөнөтүү керек.


Ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнө Кызыл-Кыя шаарына Жетектөөчү адис талап кылынат.

Талапкерге коюлган талаптар:
- Билим деңгээли - Жогорку экономикалык билим.
- Банк системасында иш стажы - 2 жылдан аз эмес.
- MS Office (Excel, Word) программаларда ишенимдүү иштөө көндүмдөрү 
- Жумуш үчүн зарыл болгон башка техникалык каражаттарды жана атайын программаларды колдоно билүү;
- Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарын, Улуттук банктын жана башка мамлекеттик органдардын ченемдик актыларын билүү;
- Ислам принциптери боюнча каржылоодо иш тажрыйбасы жана ислам дининин стандарттарын билүүсү артыкчылык болот.

Арыз үчүн почтага жазыңыз: nabdikamal@mail.ru


Бишкек филиалдарына кредиттик эксперттер керек:
- башкы кредиттик эксперт;
- жетектөөчү кредиттик эксперт;
- кредиттик эксперт.
Негизги талап: финансылык анализди билүү.


Резюмеңизди arstanbek.dzhambulot.uulu@ab.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.


Ислам принциптери боюнча каржылоо бөлүмүнө Ноокат шаарына Жетектөөчү адис талап кылынат.
Талаптар:
- Билими - Жогорку экономикалык билим.
- Банк чөйрөсүндө 2 жылдан кем эмес иш стажы .
- MS Office (Excel, Word) программаларда иштөө көндүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын банк ишин жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдарын, Улуттук банктын жана башка мамлекеттик органдардын ченемдик актыларын билүү;
- Ислам принциптери боюнча каржылоодо иш тажрыйбасы;
- AAOIFI стандарттарды билүү артыкчылык болот.


Резюмеңизди: abdikamal.nasirov@ab.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.


Абрахманов көч., 119 дарегиндеги филиалдын Операция бөлүмүнө стажерлор керек. Жумушка алуу каралган. 
Талап: 
-жогорку/аяктай элек жогорку билими (акыркы курс); 
- атайын орто билими;   
-кыргыз жана орус тилдерин эркин билүү; 
- коммуникация көндүмдөрү; 
-жоопкерчилик; 
- амбициялуулук;
- стресске туруктуулук.

Резюмеңизди maksat.kainazarov@ab.kg электрондук почтасына жөнөтүңүз.