«Айыл Банк» ААКсы корпоративдик социалдык жоопкерчиликтин алкагында калкка кайрымдуулук жардамын үзгүлтүксүз көрсөтүп келет.
Быйыл Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Банктын атынан Беловодсктогу Балдардын психоневрологиялык мекемесине подгузниктер жана балдардын тамак-ашы берилди.

Банктын аймактык бөлүмдөрү аркылуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жетим балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына материалдык жардам көрсөтүлдү.

Мектеп-интернаттарга жана балдар үйлөрүнө канцелярдык товарлар, спорттук шаймандар жана кийим-кечелер түрүндө колдоо көрсөтүлдү.

«Айыл Банк» Кыргызстандын бардык облустарында кайрымдуулук жардамын көрсөттү.
