Тейлөө сапаты

Урматтуу "Айыл Банк" ААКсынын кардарлары!

Тейлөө сапатынын ишмердүүлүгүнүн багыттарынын бири кардарлардын даттанууларын кароо.

Эгерде, Сизди биздин банктагы тейлөө сапаты канааттандырбаса, анда төмөндөгү ыкмалардын бирин колдонуп,  арыз менен кайрылсаңыз болот.

"Айыл Банктын" ишмердигиндеги кемчиликтер жөнүндө маалымат берүүгө убакыт тапсаңыз, биз абдан ыраазы болобуз. Анткени, тейлөө сапаты жөнүндө кардарлардын пикири биз үчүн маанилүү жана ал ишибиздин өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Банк продукттарын жана процесстерин өркүндөтүү же оптималдаштыруу боюнча бардык сунуштарыңызды, идеяларыңызды, кеңештериңизди билдирсеңиз болот. Сунуштарыңыздын ар бири сөзсүз түрдө банктын адистери тарабынан каралган соң, алар сиз менен байланышып, жыйынтыктарын билдиришет.

Сунуштарыңыз жана сын-пикирлериңиз сиздин муктаждыктарыңызды толук канааттандыруу жана тейлөө сапатын жогорулатуу, ошондой эле келечекте аныкталган каталардын алдын алуу жана жоюу максатында Банктын ишиндеги өзгөрүүлөр жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болот.

Кардарларыбызга ыңгайлуу болушу үчүн, биз арыздануунун жана тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды берүүнүн бир нече жолдорун сунуш кылабыз:

  • Арыздар жана сунуштар аркылуу Банктын бардык бөлүмдөрүндө жайгаштырылган китептер;
  • 720040, Бишкек шаары, Логвиненко 14 көч., дареги боюнча корреспонденттик почта аркылуу;
  • office@ab.kg электрондук почтасы аркылуу:
  • Банктын веб-сайтындагы "Тейлөө сапаты" бөлүмүндөгү байланыштар аркылуу;
  • 5511 (О!, Beeline, Megacom), +996 (312) 68 00 00 – Байланыш борбору;
  • +996 (770) 55 11 00 - Ишеним телефону.

 

 

Кайтарым байланыш
Тамгаларды, сандарды, сызыкчаны, чекиттерди жана үтүрдү гана колдонгула
Тамгаларды,сызыкчаларды, чекиттерди жана үтүрдү гана колдонгула
Email үчүн туура эмес символдор камтылган