Айыл Банк ислам принциптерине ылайык каржылоо чөйрөсүн кеңейтүү жагындагы жүргүзүлүп жаткан иш алкагында өз ара алгылыктуу шарттарда иш алып баруу мүмкүнчүлүгүн жөнгө салуу үчүн ишенимдүү өнөктөштөн болгон компанияларды жана ишкерлерди тыгыз кызматташууга чакырабыз.
Эгерде бизнесиңиз тиричилик техникаларын, электр жабдууларын дүңүнөн жана чекене сатууга, автосалондорду жана кыймылсыз мүлк агенттиктерин ачып, мүлктөрдү сатуу же алар менен операцияларды жүргүзүүгө, өсүмдүк үрөөнүн, жер семирткичтерди жана айыл чарба азык-түлүгүн сатуу, тазалоочу курулмаларды, атайы иш багытына каралган жабдууларды кураштырып, орнотуу, курулуш материалдарын сатуу, анын ичинде жеке адамдар жана корпоративдик кардарлар үчүн курулуш товарларын сатып алып, сатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана шарият нормаларына каршы келбеген башка иш багыттарына байланыштуу болсо, анда биз өнөктөштөргө ак дилден, бекем ишенимде, эки тарапка тең пайда алып келе алгандай шартта ачык-айкын кызматташуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайбыз. Кызматташып иш алып баруунун алкагында ар кандай финансылык продукттарды мисалы, Мурабаха каржылоосун, ошондой эле бизнести өнүктүрүүгө жана туруктуу өсүштү камсыз кылууга өбөлгө түзгөн башка инструменттерди сунуштоого даярбыз.
Демек, өз ара пайдалуу бизнес мамилелерди жөнгө салууга кызыкдар болгондор бул багыт боюнча ар тараптуу, ырааттуу толук маалымат алуу үчүн бизге кайрылсаңыздар болот.