Кызмат акы долбоорлору

Кызмат акы долбоорлору
«Айыл Банк» өзүнүн кардарларына, көп ыңгайсыздыктардан куткарууга жардам берген, «Элкарт» улуттук төлөм картасын пайдалануу менен кызмат акы долбоорун сунуштайт.
«Элкарт» картасын пайдалануу менен, Сиз кызматкерлерге ар кандай төлөмдөр менен байланышкан көп проблемалардан кутуласыңар.
«Элкарт» - бул кызмат акыны алуу үчүн ишенимдүү жана ыңгайлуу курал.
«Элкарт» төлөм картасынын артыкчылыктары:

  • кызмат акыны берүү менен байланышкан чыгашаларды кыскартуу (каражаттарды инкассирлөө, берүү, сактоо, депонирлөө);
  • кассирлерди кармоого чыгашаларды кыскартуу;
  • бухгалтерлердин иш убактысын үнөмдөө;
  • кызмат акыны берүүдө очереддин жоктугу;
  • кызматкердин кызмат акы өлчөмүнүн конфиденциалдуулугунун сакталышы;
  • эсептеги акча каражаттарына күнү - түнү жетүү мүмкүнчүлүгү.

«Элкарт» картасы соода-тейлөө ишканаларында товарларды жана тейлөө кызматтарды төлөө үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында накталай акчаларды берүү пунктарында жана банкоматтарда накталай акча каражаттарын алуу үчүн дайындалган. Элкартты тейлеген бардык түйүндөр Элкарт логотипи менен наклейкалар жана башка көрсөткүчтөр менен белгиленген.

"Элкарт" КЕЛИШИМИ.pdf

КЫЗМАТ АКЫ ОВЕРДРАФТ

«Айыл Банк» ААК өз кардарларына акча каражаттарына убактылуу муктаждыкты чечүүнүн заманбап, ыңгайлуу жана тез ыкмасын – ОВЕРДРАФТты сунуштайт.

Овердрафт – бул кредиттөөнүн бир түрү, мында карыз алуучу өзүнүн карталык эсебинде акча каражатын жумшай алат.

Овердрафттын артыкчылыктары:

  • салттуу кредиттерден айырмаланып, овердрафт бир жолу берилет, мында кредиттик линия белгиленген мөөнөткө ачылат;
  • эч кандай депозит талап кылынбайт;
  • банктын кредиттик ресурстарына туруктуу жетүү;
  • белгиленген овердрафт лимитин пайдаланууда гана пайыздарды кошуу;
  • банктагы карт эсебине орточо айлык түшүүлөрдү көбөйтүү менен овердрафт лимитин кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгү.

Овердрафт алуу шарттары:

  • Овердрафттын суммасы эмгек акынын 70% түзөт.
  • % овердрафт ставкасы - айына болгону 2%;