Акция Мудараба

«Айыл Банк» ААКcs Банктын кардарларынын арасында Мудараба депозиттери боюнча акция жарыялайт.

Бул акция 2025-жылдын 9-июлуннан тартып 19-декабрына чейин (ал күндү кошо алганда) созулат.

Ушул мезгил аралыгында 12 (он эки) айдан ашкан мөөнөткө, кеминде 1 000 000 сом суммасына Мудараба депозиттерин ачкан кардарлар дароо акциянын катышуучуларынын катарын толукташат. 

Акциянын негизги максаты,  шариат принциптерине жана нормаларына ылайык келген Мудараба депозиттерин ачуу аркылуу ислам банкинг продукттарынын артыкчылыктары менен кардарлардын ири санын тааныштырууга, биздин Банкка ишеним арткан кардарлардын санын арттырууга жана алардын аракеттерине сыйлого багытталган.

Аталган акциянын башкы байгеси –  исламдагы ыйык жайга - Умра сапарына жолдомо.

Акциянын 5 баскычта өткөрүлүп, ар бир баскыч үчүн бирден, бардыгы  болуп 5 жолдомо ойнотулат.

Ар бир баскычта Мудараба депозитин ачкан кардарлардын онунчусу жеңүүчү аталат.

Жеңүүчүлөр аманаттарын ички эсепке алуу системасынын негизинде комиссия тарабынан аныкталат 

Акция республика аймагында жайгашкан «Айыл Банк» ААКсынын бардык филиалдарында жана аймактык бөлүмдөрүндө өткөрүлүүдө.

Акцияны уюштурууга жана байгелерди тартуулоого байланышкан бардык чыгашаларды Банк көтөрөт. Салыктык милдеттенмелер да Банк тарабынан жабылат.

«Айыл Банк» ААКсы кардарларына ачык-айкын жана шариатка шайкеш келген банк продукттарын сунуштоо менен ислам банкинг продукттарынын багытын жигердүү өнүктүрүүнү улантууда.

Аталган акциядан улам Банк өз кардарларын колдоого алууну жана кубаттоону гана кармсанбастан, алардын руханий кыялдарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берүүгө да умтулуп келет.