Эквайринг

Урматтуу кардарлар,

"Айыл Банк" ААКсы сиздерге интернет эквайринг кызматын сунуштайт.

Интернет эквайринг – бул, товарлар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү интернет аркылуу кабыл алуу процесси. Интернет-эквайрингдин жардамы менен компаниялар өз кардарларына сатуучу менен бетме-бет жолугушуусуз эле ар кандай төлөм карттарын жана башка ыкмаларды колдонуу менен сатып алууларды төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыздай алышат.

"Айыл Банк" ААКсынын интернет-эквайринги кандай иштейт?

1.         Интернет-дүкөн менен интеграциялануу: интернет-эквайринг менен иш алып баруу үчүн төлөм системасын сайтка интеграциялоо зарыл. Аны эквайер (төлөм сервиси) камсыз кылган API, плагин жана башка шаймандар аркылуу аткарууга болот.

2.         Төлөм ыкмасын тандоо: Кардар товарды же кызмат көрсөтүүнү тандап алып, буюртманы тариздөөгө өткөн учурда, ал төлөө үчүн жеткиликтүү ыкмалардын тизмесин көрө алат. Алардын бири, карттар үчүн электрондук коммерция ыкмасы.

3.         Төлөө формасы: төлөө ыкмасын тандап алгандан кийин, кардар карт маалыматтарын сайттын корголгон формасына терет. Ал маалымат эквайринг системага өткөрүлүп берилет, анда төлө маалыматтарынын коопсуздугу текшерилип, авторизация ишке ашырылат.

4.         Төлөөнү ишке ашыруу: эгерде берилген бардык маалыматтар туура, анык жана картта зарыл болгон каражат бар болсо, транзакция ийгиликтүү аяктайт. Эгерде катачылыкка жол берилсе, колдонуучуга аракетти кайталоо же төлөөнүн башка ыкмасын колдонуу сунушталат.

5.         Төлөөнү тастыктоо: транзакция ийгиликтүү аяктагандан кийин, сайт кардарга төлөө өткөрүлгөндүгү тууралуу кабар берет, ал эми эквайринг-платформа болсо каражаттарды сатуучунун эсебине которот.

"Айыл Банк" ААКсынын интернет-эквайрингинин артыкчылыктары:

1.         Кардарлар үчүн ыңгайлуулук: төлөмдөрдү каалаган жабдуулар аркылуу 24/7 ыргагында ишке ашырууга болот, ошонун өзү колдонуучулар үчүн ыңгайлуу.

2.         Төлөө ыкмаларынын жеткиликтүүлүгүнүн кеңири тармагы: сатып алуучулар ар түрдүү төлөм каражаттарын колдоно алышат, ал болсо ар башка категориядагы кардарлар үчүн ыңгайлуу.

3.         Транзакциялардын коопсуздугу: маалыматтарды киргизүү коопсуздугун камсыз кылган коопсуздук заманбап протоколдору (мисалы, 3D Secure) колдонулат.

4.         Процессти автоматтизациялоо: Интернет-эквайринг, бизнести транзакцияларды колдо  иштеп чыгуу зарылчылыгынан арылтуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу процессин автоматизациялайт.

5.         Эл аралык транзакциялар: кардарлардан дүйнө жүзү боюнча, ар кандай валюталарда  төлөмдөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү.

Интернет-эквайринг – бул, өзүнүн онлайн рыногун кеңейтүүнү жана өз кардарларына төлөөнүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарын сунуштоону каалаган кайсыл болбосун бизнес үчүн маанилүү шайман болуп саналат.