Соода Эквайринги

Урматтуу кардарлар!

“Айыл Банк” ААКсы кардарлардын накталай эмес тейлөөсүн уюштуруу үчүн Сизге POS-терминал орнотууну сунуштайт.

POS-терминал – бул банктык төлөм карттары боюнча төлөмдөрдү кабыл алуучу түзүлүш.

POS-терминал эмне үчүн керек?

“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрындагы №869 Токтомуна ылайык, Республиканын соода-тейлөө ишканалары (СТИ), товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу үчүн, сөзсүз түрдө POS-терминалды орнотушу керек.

Биздин артыкчылыктар:

  • Тейлөө сапатынын жогорку деңгээли жана сатып алуучуга төлөө ыкмасын тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
  • Акчанын инкассациясы боюнча чыгымдардын кыскарышы;
  • Акчаны кассада сактоо тобокелдеринин кыскарышы;
  • Сатуулар көлөмүнүн көбөйүшү – банктык төлөм карттары менен эсептешкен кардарлардын жаңы сегменти;
  • Атаандаштыкка жарамдуулуктун жогорулашы, кардарларга эсептешүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдүн берилиши.

Кардарларыңызга төлөм карт менен төлөө мүмкүнчүлүгү ыңгайлуу болот жана алар Сизге кайра келерине толук ишеничте болосуз!

Ал үчүн эмне кылуу керек?

  • Бизге онлайн формага кирип, гипершилтеме аркылуу табыштама жөнөтүңүз.  Биздин адистер Сиз менен байланышат.
  • Биздин Банктан алыш-бериш эсебин ачыңыз.
  • Келишимге кол коюлгандан кийин, POS-терминал 5 жумушчу күндүн ичинде орнотулат.

Бардык операциялар – төлөмдү авторлоштуруу, акчаны Сиздин алыш-бериш эсебиңизге которуу – автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

Банк Сизди төмөнкүлөр менен акысыз камсыз кылат:

  • СТИнин алыш-бериш эсебин ачуу;
  • эсеп боюнча көчүрмө;
  • POS-терминалды орнотуу;
  • кызматчыларды окутуу;
  • маркетинг жана чыгыштоо материалдар;
  • техникалык тейлөө.

Алыш-бериш эсепти ачуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси.