Банктык акча которуулар

 SWIFT Акча которуулары

S.W.I.F.T. (толук аталышы “Дүйнөлүк интербанктык финансы телекоммуникациялардын коомдоштугу”, “СВИФТ” деп айтылат) финансы маалыматтарды берүүнүн эл аралык тутумун камсыздайт. Коомдоштуктун негизги функциялардын бири – бул, SWIFT акча которуулар тутуму аркылуу банктардын ортосунда акча которууларды жүргүзүү.

Ушул коомдоштукка кирген банктардын ортосунда бүткүл дүйнө боюнча SWIFT которуулар жүргүзүлөт. SWIFT тутуму аркылуу ишканалардын, жеке ишкерлердин жана жеке жактардын акча которуулары өткөрүлөт. Которууну жүргүзүп жатканда, алуучу банктын SWIFT-кодун (СВИФТ-код) билиши керек.

Клиринг, Гросс

Кли́ринг (англ. clearing-очистка) — төлөмдөр балансынын шарттарынын негизинде, өз ара чегеришме жолу менен жүргүзүлгөн, өлкөлөрдүн, компаниялардын, ишканалардын ортосунда бири бирине жөнөтүлгөн, сатылган товарлар, баалуу кагаздар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн накталай эмес эсептешүүлөр.

Клирингдин бир нече түрү бар, жеке жактар менен иштөөдө банктык клиринг колдонулат.

Банктык клиринг – бул, эсеп палаталары аркылуу жүргүзүлгөн жана бир бирине барабар төлөмдөрдүн өз ара чегеришмесинде негизделген, банктар аралык накталай эмес эсептешүүлөрдүн тутуму.

Жөнөкөй жарандарга клиринг кредитти төлөө, акчаны бир эсептен экинчи эсепке которуу үчүн керек. Клиринг белгилүү даражада банктык комиссияларында жана операциялык чыгымдарында үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Клиринг боюнча эсептешүүлөр, эрежедегидей, белгилүү бир күнү жүргүзүлөт (мисалы, отчеттук мезгилдин аягы же болбосо айдын ар бир биринчи числосу).

Эсептешүүлөрдүн гросс тутуму. Гросс клирингден ылдамдыгы жана көлөмү менен айрымаланат, башкача айтканда аяккы эсептешүүнү тез жүргүзүү керек болгон учурда, гросс колдонулат. Төлөмдөр, төмөнкү белгиленген артыкчылыктарга ылайык, иштелип чыгат:

  • Улуттук банктын жана Өкмөттүн төлөмдөрү;
  • чекене төлөмдөр тутумунун катышуучуларынын жыйынтык накта позициялардын эсептери боюнча төлөмдөр;
  • каржы базарындагы бүтүмдөргө байланышкан төлөмдөр;
  • катышуучулардын мөөнөттү төлөмдөрү.

Төлөм документтерди жана билдирүүлөрдү иштеп чыгуу көрсөтүлгөн күнү гана жүргүзүлөт.