АБ24 мобилдик банкинг

“АБ24” мобилдик тиркемеси – бул, мобилдик телефон аркылуу жуманын 7 күнү ичинде 24 саат бою банктык эсептеги акча каражатын тез арада, коопсуз жана ыңгайлуу шарттарда аралыктан туруп тескөөгө алууга өбөлгө түзгөн өзгөчө платформа.

“АБ24” аркылуу кардарлар кайсыл болбосун убакытта, банктын кеңселерине келип отурбастан эле финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Аталган мобилдик банкингдин мүмкүнчүлүктөрү:

  • Бир нече эсепти – эсептешүү жана депозиттик эсептерди дароо системага туташтыруу ( ээси көрсөтүлбөгөн металл эсептерин кошо алганда);
  • Төлөм карттары, акча каражаттарынын жылышына көз салып, эсептердеги калдыктарды текшерүү;
  • Талап боюнча төлөнүүчү, мультивалюталык жана депозиттик эсептерди онлайн шартында ачуу, кредит алууга билдирмелерди кабыл алуу;
  • Денежные переводы между клиентами ОАО «Айыл Банк» ААКсынын кардарлары ортосунда эсеп , карт номерлери жана телефон номери боюнча акча которуулар;
  • Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун банкынын элкарт картына акча которуулар;
  • Өздүк эсептер жана карттар ортосунда акча которуулар, депозит эсептерин толуктоо;
  • Өздүк эсептен, Кыргыз Республикасынын кайсыл болбосун коммерциялык банктарындагы эсептерден улуттук валютада клиринг жана гросс төлөмдөр;
  • Юридикалык жактардын которуулары, SWIFT системасында чет өлкө валютасында банктар аралык которуулар;
  • «Береке» системасы аркылуу Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан боюнча жеке адамдар үчүн акча которуулар;
  • Төлөм карттарын Россия банктарына туташтыруу;
  • Валюта курстары жана бабалуу металлдар боюнча маалыматтар;
  • QR-коду аркылуу төлөөлөр, салыктык төлөөлөр, мобилдик байланыш, коммуналдык төлөмдөр, интернет жана башкалар үчүн төлөөлөр;
  • Баланстын абалы тууралуу маалым каттарды алуу, карттын PIN-кодун алмаштыруу, продукттар лимитин өзгөртүү, операцияларды тастыктоо шартын жөнгө салуу, карттарды кайра чыгартууга билдирмелерди тариздетүү;
  • Онлайн-көчүрмөлөрдү алуу, интернет төлөмдөргө туташуу/ аларды алып салуу, телефон номери/логин аркылуу авторизациялоо, тиркемеде дароо паспорттук маалыматтарды жаңылоо мүмкүчнүлүгү;
  • Жакын жайгашкан тейлөө түйүндөрү жана банкоматтар боюнча маалыматарды алуу;
  • Төлөөлөрдү тез арада, ыңгайлуу шарттарда ишке ашыруу үчүн төлөмдөр (тиешелүү) үлгүсүн (шаблон) иштеп чыгуу/түзүү;
  • Биометрикалык маалыматтар (бармак басым, FaceID) боюнча операцияларды тастыктоо.
  • Ошондой эле, өздүк каражаттарды тескөөгө алып, алардын эмнеге сарпталгандыгын, жалпы чыгашаларды контролдоо мүмкүнчүлүгү да жөнгө салынган.

Мобилдик тиркемеге кантип туташууга болот: