"Айыл Банк" ААК стимулдаштыруучу акцияны баштайт: исламдык каржылоону алыңыз-Умрага жолдомо утуп алыныз.
"Айыл Банк" ААК Банктын өздүк каражаттарынан ислам принциптери боюнча каржылоо алган кардарлар үчүн озгочо дем берүүчү акциянын башталышы жөнүндө жарыялайт. "Айыл Банк "ААКта ислам принциптери боюнча каржылоо алыңыз жана Умрага жолдомо утуп алыныз" аттуу Акция 01-марттан башталып 2025 жылдын 19 - декабрына чейин уланат.
Акциянын максаты-исламдык каржылоону жайылтуу жана каржылоону алуунун ушул этикалык жана ачык жолун тандаган кардарларды колдоо. Хамиш-джиддия суммасын кошпогондо, 2 000 000 сомдон жогору, мамлекеттик каржылоодон тышкары Ислам каржылоосун алган кардарлар автоматтык турдо акциянын катышуучулары болуп саналат.
Баш байге-Умрага жолдомо, мусулмандардын ыйык жергесине зыярат. Акциянын алкагында ар бир этапта бирден 8 жолдомо ойнотулат. Жеңүүчүлөрдү банктын атайын комиссиясы берилген каржылоону ички эсепке алуунун негизинде аныктайт. Ар бир этапта каржылоону алган ар бир жузунчу кардар утат.
Акция Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча "Айыл Банк" ААКтын бардык филиалдарында жана аймактык өкүлчүлүктөрүндө өткөрүлөт. Акцияны уюштуруу жана байгелерди берүү менен байланышкан бардык чыгымдарды Банк өзүнө алат. Салык милдеттенмеси да банктын эсебинен жабылат.
"Айыл Банк" ААК кардарларга ачык-айкын жана шариатка ылайык финансылык продуктуларды сунуштоо менен ислам каржылоо багытын активдүү өнүктүрүүнү улантууда. Бул акция аркылуу Банк өз кардарларын колдоого гана эмес, аларга руханий кыялын орундатууга мүмкүнчүлүк берүүгө да умтулат.