Банктык кепилдиктин

“Айыл Банк” ААК милдети, мөөнөттөрү жана кардарлардын башка керектөөлөрүн эске алуу менен банктык кепилдиктердин кеңири түрлөрүн сунуштайт.

Банктык кепилдик - бул банк кепилдик берүүгө даяр жана анын шарттары аткарылбаган учурда келишим боюнча акчалай милдеттенмелерин аткарууга кепилдик берүүчү, компаниянын төлөө жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документ.

 

 

Банктык кепилдиктин түрлөрү:

  • тендердик (конкурстук) кепилдик
  • контракттык аткаруу кепилдиги
  • алдын ала төлөмдү кайтаруу кепилдиги
  • төлөм кепилдиги
  • бажы кепилдиктери
  • контр-кепилдиктер

 

Банктык кепилдиктин артыкчылыктары:

  • коммерциялык насыялар боюнча пайыздык чендер менен салыштырганда кызматтын арзандыгы;
  • бүтүмдөр боюнча милдеттенмелерди аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу тобокелдиктерин минималдаштыруу;
  • минималдуу тобокелдик жана чыгымдар менен жаңы сатуу рынокторуна кирүү мүмкүнчүлүгү;
  • келишимди так аткарбаган учурда чыгашага учуроо коркунучу жок алдын ала төлөмдөр менен иштөө мүмкүнчүлүгү;
  • милдеттенмелердин кепилденген аткарылышы баалардын ийкемдүү шарттары боюнча сүйлөшүү ыктымалдыгын жогорулатат;