Аккредитив

“Айыл Банк” ААК аккредитивдерди чыгаруу боюнча кызматын сунуштайт.

Аккредитив эл аралык соодада белгилүү жана кеңири таралган эсептешүү ыкмасы болуп саналат, мында Банк товарды жеткирүү, кызмат көрсөтүү ж.б. боюнча төлөмдөрдү төлөө боюнча өзүнө абсолюттук милдетти алат. Аккредитив контракттын эки тарабы үчүн бир убакта эсептешүүлөрдүн корголушун камсыздайт.

 

 

Аккредитивдердин артыкчылыктары:

  • тышкы экономикалык жана ички соода бүтүмдөрүн жүргүзүүдө тобокелчиликтерди минималдаштырат;
  • төлөмдү аркта жылдырууну алуу мүмкүнчүлүгү;
  • насыяга караганда төмөн пайыздык чен менен каржылоо алуу мүмкүнчүлүгүн берет;
  • бүтүмдүн аткарылышын банктар аркылуу контролдоо мүмкүнчүлүгү жана өз убагында төлөө жана товарларды жеткирүүнүн кепилдиги;
  • бүтүмдө эл аралык эрежелерди сактоону камсыздайт.