Интернет-банкинг

Интернет-банкинг кызматынын пакети:

  1. Банкта ачылган бардык банктык эсептериңизге 24 саат бою (анын ичинде дем алыш жана майрам күндөрү) кирүү мүмкүнчүлүгү;
  2. Эсеп балансын көрүү;
  3. Улуттук жана чет өлкөлүк валютада банк ичинде которууларды жүргүзүү;
  4. Кыргызстандын башка банктарында ачылган үчүнчү жактардын эсептерине улуттук валютада которууларды (клирингдик, гросстук) жүргүзүү;
  5. SWIFT тутуму аркылуу чет өлкө валютасында которууларды жүргүзүү;
  6. Конверсия операциялары;
  7. Эсеп (эсептер) боюнча көчүрмөлөрдү алуу.