Персонал менен иш алып баруу башкармалыгы төмөнкү кызмат орундарына тышкы сынак жарыялангандыгын билдирет:
1. Токмоктогу филиалдын Кеминдеги аймактык бөлүмүнүн кредиттөө боюнча адиси
Талапкерлерге карата коюлуучу минималдуу талаптар:
Кыргыз Республикасынын банктык иш чөйрөсүн жөнгө салган мыйзам талаптарын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана башка мамлекеттик органдардын ченемдик актыларынын жоболорун жакшы билүүсү, ошондой эле кредиттөө боюнча иш багытына талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүп, иш процессин пландаштыруу менен аны жөнгө салууга жөндөмдүүлүгү талап кылынат.