Бүгүн биз Айыл Банктын 27 жылдыгын майрамдоо менен бирге эле, сапаттуу гана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жетишкен ийгиликтүү жылдардын бирин календарда белгилеп жатабыз!
«Айыл Банк» ачык акционердик коому 1996-жылы Дүйнөлүк Банктын финансылык жана техникалык колдоосу алдында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан «Кыргыз айыл чарба финансылык корпорациясы» катары түзүлгөн эле.
Ал эми 2006-жылдын 27-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы «Кыргыз айыл чарба финансылык корпорациясынын» базасында «Айыл Банк» ААКсын түзүү чечимин кабыл алган.
Учурда:
Мындан тышкары, көптөгөн башка ыңгайлуулуктар да иштелип чыгып, жакындан жардамга келип, эл камын көргөн Айыл Банкка карата ишенимди арттырууда. Демек, ушул жетишкендиктерге салым кошуп, калайык-калк, бизнес чөйрөсү менен алгылыктуу кызматташууну жөнгө салууга жетишкен эмгек жамаатынын ар бир мүчөсүнө терең ыраазычылык билдирүү менен бирге, улам жаңы жетишкендиктерди багындырып келген иштерине орошон ийгиликтерди каалайбыз!
"Айыл Банк" - жакындан жардамга келген, ишенимдүү колдоочу!