"Айыл Банк" ААКысынын акционерлеринин 2023-жылдын 18-августунда өткөн кезексиз жалпы жыйынында Банктын Директорлор кеңешинин аты-жөнү төмөндө көрсөтүлгөн мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду:
- Директорлор кеңешинин төрагасы Н.А.Абдрашевдин;
- Директорлор кеңешинин мүчөсү Т.С. Турумбековдун;
- Директорлор кеңешинин мүчөсү Н.У. Алакованын (Н.У.Алакова өз каалоосу боюнча арыз жазуусуна байланыштуу).
Ошону менен бирге эле, акционерлердин чечими менен:
- Эржанов Максат Советбекович – Директорлор кеңешинин төрагасы;
- Молдобеков Камбар Амантурович – Директорлор кеңешинин мүчөсү;
- Суюмбаева Алтынай Казыбаевна – Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп 4 (төрт) жылдык мөөнөткө шайланышты.