2016 жылдын 15 ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөт алдындагы Мамлекеттик мүлк башкаруу фондусунун төрагасы Мамбетжановдун М.Т. жетекчилигинде «Айыл Банк» ААКтын Директорлордун Кеңешмесинин жана Банктын Башкармалыгынын 2016 жылдын 3 кварталынын жыйынтыгы жана келерки пландар тууралуу отчетун угуу болуп өтту.
Бул отурумга «Айыл Банк» ААКтын Директорлордун Кеңешмесинин мучөлөру жана Банктын Башкармалыгынын төрайымы жана мучөлөрү катышты.
« Айыл Банк» ААКтын Башкармалыгынын төрайымы Жеенбаева Б.Ж. «Айыл Банк» ААКтын финансы-чарбалык жыйынтыктары жана 2016 жылдын 3 кварталы боюнча бюджеттин аткарылышы тууралуу көргөзмө-презентациясын тартуулады .
Жалпысынан «Айыл Банк» ААК бекитилген бюджеттин финансы-чарбалык көрсөткүчтөрүн толугу менен аткарып, өсүү динамикасын көрсөтүүдө.
2016 жылдын 3 кварталынын жыйынтыгы жана келерки пландар тууралуу отчетун угуу, Фонддун – акционер катары мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбалык коомдордо жүргүзгөн ишинин алкагында өткөрүлдү.