"Айыл Банк" ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын Салык кызматы менен биргеликте "БЕРЕКЕ"жаңы мобилдик тиркемесинин расмий бет ачар аземине катышууга чакыруу жөнөтүү менен бирге эле, маанилүү иш-чара 2024-жылдын 23-майында саат 10:00дө Бишкек шаарынын Чокан Валиханов атындагы көчө 2 дареги боюнча "АЮ GRAND" соода борборунун биринчи кабатындагы "Атриум" залында өтө тургандыгын маалымдайт.
"БЕРЕКЕ" тиркемеси чакан жана орто бизнес ишкерлеринин түйшүгүн алда канча жеңилдетүү максатында иштелип чыккан. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар бизнес-процесстерди оптималдаштыруу, мамлекеттик түзүмдөр менен өз ара иш-алып баруу шартын жакшыртуу жагында жаңы мүмкүнчүлүктөр менен кең-кесири таанышып, ар кандай кызыктуу жана таанып-билүүчү программаларына катышып, баалуу байгелердин (анын ичинде iPhone 15, Samsung Galaxy TAB A9 планшети+ Яндекс Станция 2 Алиса) ээси болуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Демек, жаңы ыңгайлуулук, иш алып баруу ыкмалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!