Милдеттери:
- Пландаштыруу, аткаруу, мониторинг жана контролдоону кошо алганда, долбоорлорду башынан акырына чейин тескөөгө алуу.
- Бизнес-талаптарды, мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн, иш-аракеттер планын жана статусу тууралуу отчетту кошо алганда, долбоордун документациясын түптөп чыгуу жана коштоо.
- Милдеттерди бөлүштүрүү, ырааттуулук менен коюлган тапшырмалардын аткарылышын контролдоону кошо алганда, долбоордук топтун ишин координациялоо.
Коюулуучу талаптар:
- IT долбоорлорду тескөөгө алуу тажрыйбасы.
- Банк секторундагы иш тажрыйбасына артыкчылык берилет.
- Продукту түзүп чыгуу технологияларын 0дөн тартып, ишке киргизилгенге чейин мыкты түшүнүү.
- Agile, Waterfall, Scrum жана башкалар сыяктуу долбоорлорду тескөөгө алуу методологиялары боюнча билими менен тажрыйбасынын болуусу.
- Тапшырмаларды жана долбоорлорду тесөөгө шаймандарын билүүсү.
- Долбоордун жүрүшүн натыйжалуу пландаштыруу, уюштуруу жана контролдоо жөндөмдүүлүгү.
- Коммуникация көндүмдөрү жана топтун мүчөлөрү, буюртмачылар жана башка кызыкдар тараптар менен натыйжалуу өз ара катышуу жөндөмдүүлүгү.
- Долбоордун жыйынтыгы боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна алууга жана алардын ийгиликтүү аякташына жетишүүгө даяр болуусу.
- Уюштуруучулуктун жигеринин жогорку болуусу, ишке кылдат кароо жана кыска, чектелген убакыт аралыгында иш алып баруу жөндөмдүүлүгү.
Иш шарттары:
- Кеңседе иштөө (баардык шарттары каралган).
- Жамаат ынтымактуу, жетекчилик бирдей, тең карайт.
- Ишке расмий орноштуруу.
- Татыктуу эмгек акы.
- Кесиптик жана жеке өсүш.
Иш таржымалын bektemir.kalmuratov@ab.kg электрондук дареке жөнөтүңүздөр